Коронавирус илдетине байланыштуу ѳлкѳгѳ карантин жарыяланып, жогорку окуу жайлар жана мектептер аралыктан окутулуп, окуучулар онлайн билим алышты. Онлайн окутуулар кандай болгондугу тууралуу мектеп окуучуларынан сурап билдик.
Ноокат районунун Кеңеш айыл ѳкмѳтүндѳ жашаган айыл тургундарына карантин учурунда ѳкмѳт тарабынан жардамдар кѳрсѳтүлдү. Жалпысынан Кеңеш айыл аймагында 2552 кожолук жашайт анын 546 сына гуманитардык жардам берилди.
Карантин учурунда баардык адамдар эрежеге баш ийип үйдѳн чыга албай калышкан, алардын катарында пенсионерлер да бар. Алар мурда пенсияларын банктан алышса карантин учурунда почточу үйлѳрүнѳ алып келип берип жатты.