Карантин учурунда баардык адамдар эрежеге баш ийип үйдѳн чыга албай калышкан, алардын катарында пенсионерлер да бар. Алар мурда пенсияларын банктан алышса карантин учурунда почточу үйлѳрүнѳ алып келип берип жатты.
Куу-Майдан айылынын пенсионер тургундары карантин учурунда эч жака чыкпай, карантиндин талаптарын так аткарганын билдиришти.
Кожон Абдыразаковдун айтымында азык-түлүк жана даары-дармектер мурдагыга караганда жогорулаган: “Мурдагыга караганда тамак-аштын баалары бир топ жогорулап кетти. Себеби сырттан келген продуктылар бизге кирбей калгандыктан ички сакталып турган продуктыларды сатуучулар бираз кѳтѳрүп жибергендиги байкалды”.
Ошондой эле ал пенсиясын ѳз убагында алып турганын билдирди: “Дайыма мен банктан алчумун карантинде болсо почточулар үйгѳ алып келип берип жатты”.
Айыл тургуну Орозгүл Асамидинова: “Азык-түлүктѳн эч кандай кѳйгѳй болгон жок, пенсияны ѳз убагында алып жаттык. Карантиндин терс таасири коңшу-колоң менен суйлошо албай калганы болду” ,-деп билдирди.
Карантинге байланыштуу жаш балдар да кѳчѳгѳ чыгып ээн эркин ойной албай калышкан. Бул тууралуу Карамат Султанова токтоло кетти: “Бала-чака парктарга, ойной турган жайларга барчу эле карантинде болсо эч жака чыга албай эле калышты. Балдарга кыйын болду”,-дейт Карамат Султанова.
Пенсиядагы медайым Бүсайра Закированын билдирүүсүндѳ: “Карантинди үйдѳ ѳткѳрдүк, батаа, тойлор болгон жок. Кассаларды ѳткѳрүп, тойлорго барып турчубуз алар жок болуп каражатка кичине эконом болду. Оорулуулар кѳбѳйүп бараткандыктан азыр деле коркуп эч жака чыкпай атабыз.
Анча-мынча адамдар карантинде больницага бара албай мага келип атышты аларга укол сайып, система алгандарга система коюп аттым. Маска тагып режимди сактап карап жаттым келгендерди”,-деп билдирди Бүсайра Закирова.
Аймончок Кожонова