Ош облусунун Кулатов айыл аймагында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу кызматкерлери өзгөчө абалда күчөтүлгөн режимде иш алып барышты. Уюштурулган блок посттордо кезек менен мөөнөттө туруп жатышты. Төрөбай Кулатов аймагында COVID-19 вирусун жуктурган бир да учур катталган жок.
Өзгөчө кырдаал учурунда Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып барышты. Айыл аймагына үч жерге блок посттор коюлуп, штаб түзүлүп, өкмөт кызматкерлеринин өкүлдөрүнөн, мед кызматкерлери, күч органдары мөөнөттө турушту. Блок посттордо турган мөөнөтчүлөрдү айыл өкмөт бир ай бою ыссык тамак менен камсыз кылып турду. Ыссык тамак үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Демөөрчүлөр тарабынан ички көчөлөр жабылды. Жогорку кеңешинин депутаттары М. Мавлянова, З. Жамалдинов тарабынан бет кап, ун акысыз айыл өкмөт аркылуу бекер таркатылды. Мамлекеттик резервтен аз камсыз болгон, жетим-жесирлерге, кары-картаң, жалгыз бой энелерге акысыз ун таркатылды. М. Кудайбердиев атындагы жатак лицейи обсервация үчүн даярдалып, ага ацйыл өкмөт бюджетинен 262 000 (эки жүз алтымыш эки миң) сом акча каражаты бөлүндү. Өзгөчө кырдаал учурунда 7 адам 14 күн обсервацияга алынып, анализдери таза чыккан соң, үйлөрүнө жиберилди. Обсервацияга алынгандардын 6 эркек, 1 кыз алардын жаштары 18-30 жашка чейинкилер. Андан тышкары сырттан келген 345 адам үй карантинине алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Т.Кулатов айыл аймагында бир да учур таажы оорусу менен катталган жок. Азыркы учурда абал курч бойдон калууда, эгерде мындан да абал курчуса биринчи иретте айылдык ооруканыны андан кийин мектептердин спорт залдарын обсервацияга даярдайбыз деп билдирди Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчысынын орун басары Данияр Көчкөнов.
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын калкына COVID-19 учурунда берилген жардамдар
Матраимова Айиса, Жалалова Таңнуру