Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: tasma

Арал айылынын окуучусу «Республикалык кароо сынакта» 1-орунга ээ болду

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым Мырзабекова 2-сынакта өзүнүн калеминен жаралган ыры менен 1-орунду багындырды.

Чоң- Тогузбай айылында окуучулар ата-энелери менен бирге сармерден оюнун өткөрүштү

Аталган айылда каада- салттарды окуучуларга үйрөтүү жана аларды колдонуу максатында Нооруз майрамына карата сармерден болуп өттү. Бул оюнга окуучулар ата-энелери менен биргеликте катышып, эсте каларлык элестерди калтырышты. 

Токтоян айылынын тургундары кубаттуу электр жарыгына муктаж

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынын Муса Ордобаев атындагы көчөсүндө электр кубаты төмөн. Аталган көчөдө 50 түтүн эл жашайт. Алар көчөнүн жашоочулары жарыктын кубатынын начардыгынан бир топ кыйналышат.

Тасма айылында быйыл жазгы талаа жумуштары эрте башталды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын айыл тургундары былтыркыга караганда быйыл жазгы талаа иштерин эрте башташты. Буга быйылкы кардын аз жаашы себеп болду.

Мектеп окуучуларына кол өнөрчүлүктү үйрөткөн ийрим ачылды

Тасма айылында жүндөн жасалган ар кандай өзгөчө буюмдарды жасоону кыздарга үйрөтүү үчүн атайын чакан кружок өтүлүүдө. Мектеп окуучуларына сабактан сырткары «Седеп» деген аталышта кол өнөрчүлүк окуусуна кыздар катышып жатышат. Аны …

Элеттик мугалим күнүгө он чакырым аралыкты басып жумушка келет

Долон айылынын тургуну Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери жумушуна ат менен барып келип иштейт. Ал Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы Бейшенов орто мектебине эмгектенет.

Зийнаш Жунушова табигый жүндөр менен жылуу жүн байпактарды токуйт

Илгерки ата-бабалар кийген жүн байпак кайрадан элдин кызыгуусун жаратты. Ал алгач өзүнүн балдарына койдун жүнүнөн жип ийрип алып, байпактарды сатат.

Сүрөт баян: Түптөгү азыркы абал

Кыш бүтөрүнө саналуу күндөр калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу суук болууда. Айланага кооз көрүнүш тартуулаганы менен кылычын кармаган кыш адамдарга кыйынчылык жаратып жатат.

Түптө «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өттү

Түп районундагы М.Элебаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы уюшулду. Иш- чарага райондогу 33 билим берүүчү мектептин окуучулар катышты,-деди Түп районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башкы адиси …

Окуучуларга табигый кырсыктардан коргонуу максатында машыгуу өттү

Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде окуучулар үчүн машыгуу өттү. Машыгуунун максаты, өзгөчө кырдаал болгон учурда окуучулардын өзүн- өзү алып жүрүүсүн,  тез убакытта мектептен абайлап чыгууну үйрөтүү.

Түп районунун мугалимдери менен окуучулары арасында китеп окуу боюнча сынак өтөт

Билимди даңазалоо жана китеп окууга кызыгууну жайылтуу максатында «Прогресс» коомдук бирикмеси Түп районунун мектеп окуучулары жана мугалим, китепканачылар арасында китеп окуу сынагын жарыялайт. 

Токтоянда «Окуу керемет» долбоору ишин баштады

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу мектептерде окуу жөндөмүн арттыруу боюнча USAID дин «Окуу керемет» долбооруна ар бир мектепте иш-чаралар башталды.

Тасмада окуучулар англис тил жумалыгына активдүү катышышты

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинде англис тил жумалыгы өттү. Учурда окуучулардын чет тилине болгон кызыгуусу күч. Жумалыктын алкагында көргөзмөлөр, дубал газеталар жасалды.

Караколдо «Эл аралык китептерди белекке берүү» күнү белгиленди

Каракол шаарындагы К.Эсенкожоев атындагы облустук балдар китепканасында 14- февраль «Эл аралык китептерди белекке берүү» күнүнө карата иш чара өттү. Ага студенттер жана окуучулар чакырылып, журналист Мурат Султанов, жазуучу Руслан Кылчыкбаев, …

Окуучу кыз түрдүү кагаздардан гүл жасап акча табат

Буйрутма алып кагаздан гүл жасап, ата-энесине жардам берген Баян Руслан кызы. Баян 16 жашта. Азыркы учурда Түп районунун Арал айылындагы Жеңишбек Ашымов мектебинин 10-классынын окуучусу.

Инаугурацияда туу көтөргөн жоокер мекенди сүйүүгө чакырат

«Инаугурацияда командирлердин буйругу менен мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Ар бир жаранда мекен үчүн жүрөгү күйүп милдет, намыс, темирдей бекем тартип, адилеттүүлүк болсо, ата журтум өнүгөт».

Буйрутма менен таттууларды жасаган Мунара Тобоева

Мунара айым төрт баланын энеси. Ал үйдө бош отурбастан, торт жасап, чакан бизнес жүргүзөт. Үй тиричилиги, үй-бүлөсү менен катар торт жасоо менен менен алектенген айымдын эмгектерин баалагандар арбын.

Жазга даярдык жана дыйканчылыкты өнүктүрүү семинары болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жазга даярдык, себүү иштери боюнча семинар өтүлдү. Ага Тогузбай, Токтоян, Тасма айылдарынын фермерлери жана Түп райондук администрациясынын кызматкерлери катышышты. Окутуу талаа иштерин жөнгө …

Тасмада жугуштуу оорулардан сактануу иштери жүргүзүлүүдө

21-кылымдын чумасы деп аталган ВИЧ СПИД ооруусу туурасында окуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу иш чарасы жүрүүдө. Бул дарт көп жылдардан берки адамдардын чоң көйгөйү. Илдет тууралуу, алдын алуу чаралары ал кандай учурда …

Тасма айылына берилген тез жардам унаасы ишке кирди

Ысык-Көл облусунуна караштуу Түп районундагы Тасма айылына берилген жаңы тез жардам унаасы элге кызмат көрсөтүп баштады. Мурда айылда эски кызмат көрсөтүүчү унаа бар болгон менен талаптарга жооп берчү эмес. Ал …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...