Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: tasma

Тасмалык окуучу эл аралык сынакта жеңүүчү аталды

А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин 3-классынын окуучусу Турдуматова Тинатин Нурбековна Москва шаарында өткөн «Расскажи миру о своей Родине» — аттуу эл аралык сынакта жеңүүчү аталып, Кыргызстандын …

Кош-Дөбө айылынын бүтүрүүчүлөрү мечитти оңдоп-түздөөгө салым кошушту

Түп районунун Карасаев айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын бүтүрүүчүлөрү көпчүлүккө үлгү боло турган саамалыкты ишке ашырышты. Алар мааракелик жолугушууларга ашыкча каражат коротпостон, чогулган акчаны айылдагы мечитти оңдоп-түздөө иштерине жумшоону чечишкен.

Түптүн «Долон» командасы эл аралык мелдеште байгелүү орунга ээ болду

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн хоккей боюнча эл аралык мелдеш өттү. Ага Казакстандан эки команда, Россиядан бир команда, Бириккен Араб Эмираттарынан бир команда жана Кыргызстандан үч команда катышты. …

Тасма айылынын окуучусу облустук сынакта I орунду ээледи

А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин 6-классынын окуучусу Кубатбеков Айдин билим жана чыгармачылык багытындагы абройлуу «XXI кылымдын интеллектуалдары» облустук сынагында ийгиликтүү катышып, «Механикалык системалар» номинациясы боюнча өзүнүн …

Тасма мектебинин жаш спортчулары облустук мелдеште ийгилик жаратышты

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары «Я — Чемпион» аттуу облустук спорттук мелдеште ийгиликтүү катышып, мектептин жана айылдын намысын татыктуу коргошту. Жаш …

Түптө киберкоопсуздук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2026-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарынын кызматкерлери үчүн түшүндүрүү иштерин …

Түп районунда чычырканакты сактоо жана кайра иштетүү боюнча логистикалык борбор ачылат

2026-жылдын 1-июнунда Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан «Данис Берри» ЖЧКсынын чычырканак плантациясында Кыргыз Республикасындагы алгачкы «Чычырканакты сактоо жана кайра иштетүү» логистикалык борборун куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Түп районунда Китепканачылар күнү жана Мукай Элебаевдин 120 жылдыгына арналган маданий кече өттү

Түп райондук маданият үйүндө 27-май — Китепканачылар күнү жана көрүнүктүү акын-жазуучу Мукай Элебаевдин 120 жылдыгына арналган поэзия кечеси жана майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Тасма айылында Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Тасма айылында балдар үчүн жагымдуу майрамдык саамалык уюштурулду. Майрамдын алкагында айылдын жаш тургундарына бекер балмуздак таратылып, алардын майрамдык маанайына өзгөчө көрк кошулду.

Түп районунун медайымдары «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» спорттук оюндарында күч сынашты

5-май – Эл аралык акушерлер күнү жана 12-май – Эл аралык медайымдар күнүнө карата Түп районунда медицина кызматкерлеринин арасында «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Карасаев айыл аймагында «Аял-эне, аял-жар, үйдүн куту асылдар!» аттуу энелер күнү белгиленди

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги №93 Жарлыгын ишке ашыруу жана энелерге көңүл буруу максатында Карасаев айыл өкмөтү тарабынан иш-чаралар планы бекитилип, 2026-жылдын 16-майынан 23-майына чейин «Аял-эне, аял-жар, үйдүн куту асылдар!» …

Түп районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар өттү

19-май күнү Түп районунда жергиликтүү тургундар менен кезектеги жолугушуулар өткөрүлүп, алар Ысык-Көл, Карасаев жана Түп айыл аймактарын камтыды. Жолугушууга Ысык-Көл облусунун жетекчиси Бакытбек Жетигенов катышып, аймактагы актуалдуу маселелерди жеринде угуп, …

Түп районунда “Үй-бүлөнү жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо” жумалыгы өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 11–16-май күндөрү “Үй-бүлөнү жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо” жумалыгы уюштурулду. Түп райондук прокуратурасынын демилгеси жана Түп райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен уюштурулган жумалыктын алкагында Түп райондук ички …

Түптө 1-майга карата ат чабыштар өтүп, 80ге жакын күлүк ат салышты

Түп айыл аймагында 1-май — Эмгек майрамына карата улуттук ат оюндары өткөрүлүп, ага 80ге жакын күлүк катышты.

Түптүн Каркыра өрөөнүндө «Жашыл мурас» ишембилиги өтүп, 5 миң көчөт отургузулду

Түп районунун Каркыра өрөөнүндө «Жашыл мурас» ишембилиги өткөрүлүп, анын алкагында 5 миң даана бак-дарактын көчөтү отургузулду.

Тасма айылындагы мектепте тарбия жана билимге арналган мазмундуу жолугушуу өттү

А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде 22-апрелде мазмундуу жана таасирдүү иш-чара болуп өттү. Мектеп жамааты кыргыз элине белгилүү инсан — мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, …

Түптө “Бош орундар жана кесиптер” жарманкеси өттү

2026-жылдын 16-апрелинде Түп райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү “Бош орундар жана кесиптер” аталышындагы жарманке өткөрдү.

“Манас таануу” – жаштардын руханий таймашы

8-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жана “Жаш манасчылар” кароо-сынагынын облустук туру өттү.Иш-чарага облустун ар кайсы аймактарынан – Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң , Ысык-Көл …

Түптө 75 үй-бүлөгө 150 миң сомдук сертификат тапшырылды

6-апрель 2026-жылы Түп районунда жөлөкпул алган 75 үй-бүлөгө 150 миң сом өлчөмүндөгү сертификаттар тапшырылды. Бул жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомуна ылайык “Социалдык контракттын негизинде социалдык-экономикалык жардам” …

Малдардын шарп оорусу: дарылоо, алдын алуу жана ветеринардык көзөмөл

Акыркы мезгилде Тасма айылында мал арасында шарп оорусу көбөйүп, ветеринардык кызматкерлерди тынчсыздандырууда. Бул илдет малдын ден соолугуна гана эмес, анын өндүрүмдүүлүгүнө да түздөн-түз таасирин тийгизет.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...