2026-жылдын 16-апрелинде Түп райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмү “Бош орундар жана кесиптер” аталышындагы жарманке өткөрдү.
Иш-чарага менчигинин түрүнө карабастан райондогу иш берүүчүлөр, “Билим” окуу борбору, ошондой эле жумуш издеп жүргөн жарандар, мигранттар, майыптыгы бар адамдар жана жаштар катышты.

Жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр тарабынан бош жумуш орундар сунушталып, анын жыйынтыгында ондогон жарандар иш менен камсыз болушту. Ошондой эле катышуучуларга бош орундар, кесипке багыт берүү жана миграция маселелери боюнча кеңири маалымат берилип, маалыматтык баракчалар таратылды.
Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нуржан Алапаеванын айтымында, мындай иш-чаралар калкты иш менен камсыз кылууга жана кесип тандоого багыт берүүдө маанилүү роль ойнойт.

Даярдаган; Муратбек Жумакадыров,Мадина Үсөнова