NABU Кыргызстан уюмунун адистери Кочкор районунун Кочкор айылынын Капар Кыдыралиев жана Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектептеринин 9-класстарынын окуучуларына » Экологиялык билим берүү жана илбирсти коргоо» аталышындагы сабак өтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө адистер окуучуларга жаратылышты коргоонун мааниси, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо тууралуу кеңири маалымат беришти. Өзгөчө Кыргызстандын символдорунун бири болгон илбирсти (ак илбирс) коргоого бурулду. Адистер илбирстин жашоо чөйрөсү, санынын азайып кетүү себептери жана аны сактап калуу жолдору тууралуу кызыктуу мисалдар менен түшүндүрүштү.

Капар Кыдыралиев жана Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары жана мугалимдери
Окуучулар сабакка активдүү катышып, суроолорду берип, өз ойлорун ортого салышты. Практикалык тапшырмалар жана талкуулар аркылуу балдардын экологиялык аң-сезими жогорулап, жаратылышка болгон жоопкерчилиги артты.

NABU Кыргызстан уюмунун мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Сүйүнбек Махмутов
NABU Кыргызстан мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Сүйүнбек Махмутов иш-чара боюнча жана уюмдун алдыдагы максаттары менен болүшүп кетти:
«Биздин уюмдун негизги максаты илбирс жөнүндө так маалымат берүү, Кыргызстанда кайсы жерлерде байралат жана илбирсти сактоо үчүн кандай салым кошсок болот деген мааниде окуучуларга иш-чара өткөрдүк. Ошондой эле биздин негизги жумуш бул мониторинг жүргүзүү, фотокапкандарды орнотуу жана илбирсти изилдөө. Алдыда Кочкор районунун кырка тоолоруна фотокапкандарды орноштуруу максаты турат. Мындай сабактар жаш муунду тарбиялоодо чоң роль ойнойт. Анткени келечекте жаратылышты коргоо- дал ушул окуучулардын колунда десем жаңылышпайм».

Алтын Казакбаева Германиянын Кыргызстанда филиалы «Табиятты коргоо Союзу» экологиялык билим берүү коом менен байланыш бөлүмүнүн адиси
Иш-чаранын аягында окуучуларга NABU Кыргызстан уюмунун плакат-календары жана чакан белектер берилди.
Даярдагандар: Райана Советова, Тахмина Абдилбек кызы