Кара-Талаа айылынын, Болот Алаков атындагы орто мектебинде жыл сайын класстар арасында «Жыл окуучусу» сынагы болот. Мында мыктылардын арасынан, мыктысын тандашат. 24- февралда 2-класстар арасында «Жыл окуучусу» болуп, Ынтымак Максат уулу мыктылардын арасынан мыктысы болуп суурулуп чыкты.«Жыл окуучусун» багындырган Ынтымак Максат уулу атаандаштарынын күчтүү экенин билдирди:
Атаандаштарым күчтүү болчу. «Жыл окуучусун» алсам деген тилегим чоң болчу. Ошентип «Жыл окуучусу» болдум. Ушул даражага жеткирген Салиман эжейиме чоң ыраазычылыгымды билдирем.Ынтымактын класс жетекчиси Салиман Кербенбаева;окуучусунун жеңүүчү болгонуна толкунданганын жашырган жок:
2-б класстан 4 мыкты чыкты. Төртөөнүн бирөө алат деп тургам. Мында «Жыл окуучусун» Ынтымак багындырса, 1-орунду Умар,2-орунду Марат багындырды.Калыстар тобунун төрайымы Динара Шейшеканова 10 сабак боюнча тапшырма берилгенин кабарчыбыз Үмүтай Аттокуровага айтты:
«Жыл окуучусуна» катышкан окуучулардын билим деңгээлин конкруста бекемдедик. Мен абдан канааттандым. Мен өзгөчө кол жазмасын,окуу темпин бааладым.«Жыл окуучусу» жыл сайын өткөрүлө бермекчиДаярдагандар: КылымбекКулукеевДастан АкатовҮмүтай Аттокурова