Бишкекте 17-18 декабрь күндөрү жамааттык мультимедиа жана радиолордун жетекчилери эки күндүк иш семинарына чогулушту. Анда узап бараткан жылдын жыйынтыгы чыгарылып, кийинки жылга карата пландар талкууланды.
Өлкөнүн жети дубанынан келишкен ассоциация мүчөлөрү чакырылып катышты. Катышуучуларга бирикменин аткаруучу директору Назира Жусупова кенен маалымат берди.

Семинарда Немис Толкуну Академиясынын Кыргызстан боюнча координатору Лидия Ранерт маалымат берип, жамааттык радио өкүлдөрүнүн өз ара тажрыйба алмашуулары болду.
Семинардын аягында мыкты мультимедиа жана радиолор аныкталып, сыйлыктар ыйгарылды.
Даярдаган: Жоомарт Бейшеналиев