Талас облусунун Бакай-Ата айылдык ооруканасына быйылкы жылы жаңы медициналык жабдуулар келди. Алардын ичинен кислороддук концентрат, кардиомонитор, тараза жана башка заманбап техникалар бар. Оорукананын башкы эсепчиси Азамат Сатыкуловдун айтымына караганда, ар бир аппарат жүз отуз мин сомдон турат.
“Бул бизге бүгүнкү күндө эң эле маанилүү керектүү нерсе. Ошондой эле ар бир бөлүмгө жабдуулар коюлган. Операция учурунда демин кыстыруу үчүн жаңы келген аппараттар жардам берет. Алар какырыктарды сордуруп алуу үчүн да керек болот. Буйруса алдыга койгон ой максатыбыз операциондук хирургиялык аппарат алуудабыз. Жаңы төрөлгөн баланын салмагын ченегенге тараза алып бергенге муктаж болдук.”
Оорукананын жетекчилеринин сөзүнө караганда бул каржылоо булагы республикалык бюджет менен келип жатат.
“ Бала ыйлабаса, эмчек жок дегендей, биз министерликке каттарды жөнөтүп, кайрылып жатабыз”-, дейт Азамат Сатыкулов.
Ушул оорукананын башкы мээрманы Айзада Токтогулова: “Биз үчүн абдан эле оңой болду. Анткени ар бир оорулуу келген сайын анын кан басымын, тамырын текшерүү керек. Азыр болсо аппарат өзү кан басым, журөктүн согушун, тамырын көрүп берет. Техника келе электе фоминдоскоп, танометрлер, рошест менен колдонуп келчүбүз. Жаңы аппараттардын өзүнун инструкциялары бар экен. Ошодон карап үйрөнүп жатабыз”, — деп билдирди.