18- сентябрь күнү Бакай-Ата радиосунун толкунунда “Демократия сааты” программасы болду. Эфирдин алкагында насыя алуучулардын маселелери тууралуу талкууланды. Программанын коногу болуп Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Аскарбек Сакынович чакырылган.
Эфирдин жүрүшүндө угармандардан келген аудио суроолор жаңырып, түз эфирден жооп уга алдык. Ошондой эле насыя берүүчү уюмдар, келишим, күрөө тууралуу кеңири маалымат айтылды.
Акыркы учурда Кыргызстанда калктын 80 пайызы кредит алып иш баштап жатканы жалпыбызга маалым. Айрымдары кредит алып соода сатык кылса, айрымдары мал чарбачылыкка, дыйканчылыкка керектешет. Кыскача айтканда, насыянын чөйрөсү кеңейүүдө, тамыры тереңдөөдө.
Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондусу тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова