Учурда коомдук тармактарды көп эле жаштар колдонуп жатат. Алардын ичинен вотсап, одноклассники, фэйсбук, инстаграм жана твиттерди айтууга болот. Бул тууралуу мектеп мугалимдери жана окуучуларынын арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Бакай-Ата айылындагы Ленин мектебинин мугалими Айнура Имбеталиева сабак учурунда окуучулар телефон колдонуп, интернетке кирээрин жашырбайт.
«Көбүнчө мектеп окуучулары интернетке кирип, эмне маалыматты карап жатканын биз билбейбиз. Ата-энелер чогулушунда муну жөнгө салуу боюнча чогулуш өткөрүлөт», — деп билдирди.
Мектеп окуучусу Бекзат Жусупов бир жылдан бери коомдук тармакты колдонуп келгенин айтат.
«Менин ата-энем Орусияда, көбүнчө ата-энем менен баарлашамын», — деди Бекзат.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
Үсөн С.