Бакай-ата айылынын Ленин орто мектебинде азыркы маалда 1-класстан 11-класстын окуучуларына макас таркатылууда. Бул бут кийим таркатылганына окуучулар кубанууда.
7 “В” классынын окуучусу Ализа Куттубекова биздин сурообузга мындай деп жооп берди. “Мен бул макасты эки жылдан бери кийип келем. Бутка аябай ыңгайлуу экен”,- дей Ализа.
Макастарды окуучуларга алып келген Кыргызстанда иштеп жаткан “Адра” фонду болду. Мектептин социалдык педагог Нуржамал Боронбаеванын айтымына караганда, жылына ушундай гуманиардык жардам болуп келет.
“ «Адра” фонду быйыл биздин мектепке 1058 бут кийимди бекер берди. Окуучулардын баарына жетиштүү болду. Балдардын буттарынын өлчөмүн бир ай мурун ченеп кетишкен”.
Мектептин дене тарбиячысы Нурлан Арыков “макас өзу спорт залдын ичине машыкканга гана чыгарылган. Себеби буну жерге кийсең бат эле айрылып калат экен. Бул резинадан жазалган бут кийим . Буну күн суукта да кийгенге болбойт. Жөн гана спорт залга ылайыкту “,-дейт агай.
Даярдагандар: Амантур Сейталиев, Арфат Туменбеков.
Сынак үчүн