Нарын районундагы Учкун айылынын туругуну Амантур Болотбеков эки жылдан бери бал сатуу менен алектенет. Болотбеков быйыл бал сатып, жалпы 150 миңдин тегерегинде киреше тапкан.
Бал бизнеси менен алектенген Амантур Болотбеков бизге өзүнүн чакан бизнеси тууралуу айтып берди.

Саламатсызбы. Айтсаңыз качантан бери бул иш менен алек боло баштадыңыз?
— Бул иш менен алектенгениме эки жылдын жүзү болду. 2014-жылдан баштап бал сатып иштейм. Буюрса азыр баары ойдогудай.
Бал сатууну ким сунушу кылды?
— Көл жергесинен Рысбек деген тааныш адам сунуш кылган. Өзүнүн аллергиясы бардыгынан мага бал челектерин саткан. Сунушту ошол Рысбек киргизген.
Бул кылган ишиңиз өзүңүзгө жагабы?
— Мага бал саткан эмес, аларды караган жагат. Көбүнчө үйдөн өзүм карайм. Кышка карата аарыларга жай камдап, алардын азыгын даярдаганбыз. Бир жумада эки жолу карап турабыз. Себеби жапайы чоң аарылар кичирээктерин өлтүрүп кетет экен.

Сиздердин балды кимдер сатып алат?
— Көбүнчө айылдагылар сатып алат. Алар аны даарычылыкка колдонот. Кышында көбүнчө айылда бал желет. Балды биз килограммын 250 сомдон сатабыз.
Балдын кандай пайдасы бар?
— Бал иммунитетти көтөрөт. Ал сасык тумоого каршы жакшы каражат. Ошон үчүн анын пайдалуулугун түшүнгөн кээ бир адамдар көбүнчө бал жешет.
Тапкан кирешеңизди кай жакка жумшайсыз?
— Биринчи эле үй-бүлөнү бакканга кетет. Кошумча салыктарды төккөнгө чоң эле жардам берет экен. Жакында эле бал сатып чогулткан акчама жаңы машина алдым.

Канча жыл бал сатуу менен алектенейин деп жатасыз?
— Кудай ден-соолук берсе уланта беребиз бал бизнесин. Себеби мен көнүп калдым бул жумушка. Аары багуунун жолдорун үйрөтүүчү китеп да алдыргам. Буюрса бизнести чоңойтобуз келечекте.
Бал сатуудан башка дагы кандай иштер менен алектенесиз?
— Мен өзүм негизи мергенчимин. Кышында малга тийген карышкырларды атабыз. Былтыр тогуз карышкыр аттык эле. Бирок аткан карышкырлардын акысын бербей койду. Негизи беребиз деген эле карышкыр башына беш миң сомдон.
Маегиңизге чоң рахмат!
Даярдаган: Рустам Көчөрбаев
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн