Көпчүлүк учурда үй ичиндеги жумуштар менен катар бала тарбиялоо дагы апалардын мойнуна илинип калат. Үй-бүлөдө ата башка иштер менен алектенип алардын муктаждыктарын чечүүгө арнайт. Ал эми бала тарбиясында алардын ролу кандай?
Педагог Асылбек Жооданбеков бала калыптанып жаткан учурда атасынан көп таасирленерин айтат. Анын баскан-турганы, жасаган иштери, башкалар менен болгон мамилеси өзүн алып жүрүүсү маанилүү. Ата дагы куру насааттарды айта бербестен көбүрөөк жанында алып жүрүп чогуу иш жасап көндүрсө жакшы. Бала айтканды эмес, көргөнүн кылат.
«Коом өнүккөн сайын бала тарбиялоодо атанын орду өтө маанилүү. Өзгөчө балдар кенже куракта эненин мээрими, ак сүтү эненин күнүмдүк муктаждыктарын канаттандыруудагы эбегейсиз эмгегин эч ким алып сала албайт. Бирок, аны менен катар азыркы балдарды таануу илиминде, педагогикада ата дагы баланын алгачкы күнүнөн баштап баланын өсүп-өнүгүүсүнө, калыптануусунда сөзсүз түрдө орун алышы керек».
Көбүнчө кыргыз коомчулугунда аталар бала чоңойгончо ага көп көңүл бура бербеген учурлар кездешерин белгилеп, бул ката экенин айтат. Асылбек Жооданбеков балага убакыт бөлүп мындай нерселерди жасоону сунуштайт:
Салтанат Адылбек «Эне күндөлүгү» ютуб каналынын автору тарбияда атанын ролу деген суроо турбашы керек деп эсептейт. Анткени бала ата менен энеден жаралат, демек анын тарбиясына да толук кандуу ушул эки адам катышыш керек.
«Эркек балага атанын тарбиясы керек деп деп көп айтышат. А бирок кыз бала дагы атанын камкордугун сезип чоңоюшу керек. Ата-бул кыздын алгачкы сүйүүсү деп айтышат. Кыз эркектерден эн биринчи атасы менен мамиле түзөт. Атасы кызга тирек болуп, анын коопсуздугун камсыздап, ар дайым жардамга келээрин билдирип турса, кийин чоңойгондо кыз сөзсүз атасындай сапаттары бар эркекти тандайт. Балдарга атасынынын энесине болгон мамилеси-бул келечектеги балдардын үй-бүлөсүнүн модели болуп калат. Каалайбы, каалабайбы балдар чоңоюп бүлө күткөндө өз атасынын, энесинин айткан сөздөрүн, кылган иштерин кайталап калышат».
Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Гулбара Жениш кызы бала тарбиялоодо атанын орду абдан эле чоң деп эсептейт. Акылдуу ата үй- бүлөдө баласын эле эмес өз өмүрлүк жарын да акыл- насаат сөздөр менен урушуп талашпай тарбиялап коёт.
«Бала атасынын ар бир айткан сөзүн буйрук катары кабыл алып тарбияланат, бирок ошол эле учурда үй- бүлөдөгү ата да өз балдарына үлгү болуп жаман сөздөрдү сүйлөбөй, ар бир жасаган иштери үлгү болуш керек. Немец элинин макалы бар «Балаңды тарбиялоодо мурун, эң биринчи өзүңдү тарбияла»- деген ошондуктан ар бир ата өз баласына үлгү болуш керек».
Адистер бала тарбиялоонун жөнөкөй бирок натыйжалуу жолдору менен бөлүшөт
3 жаштан кийин кеч болот же бала тарбиялоого 9 кеңеш
Бала жана акча: Балага акчаны акылдуу башкарууну үйрөтүңүз
Айгерим Кубатбекова