Кочкор айылынын Капар Кыдыралиев жана Ишенаалы Арабаев атындагы орто мектептердин мугалимдерине Кыргызстандагы Нарын шаарындагы «Кызыл Жарым Ай» улуттук коому менен биргиликте «Балдардын табият тобокелдиктерине жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу» жана коопсуз мектептер долбоордун негизинде окутуулар болду
«Кызыл Жарым Ай» улуттук коомунун ыктыярчысы Адил Арунов
«Кыргызстан табигый кырсыктардын шарттарында жашагандыктан,аларга даярдык көрүүнүн маанилүүлүгү боюнча эч кандай билимибиз жок болуп жатат — деп «Кызыл Жарым Ай» улуттук коомунун ыктыярчысы Адил Арунов белгилеп кетти.Ошондуктан мектептеги билим берүү чоң ролду ойнойт.
Мугалимдер тренинг учурунда
Өлкө боюнча мектептерде атайын табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча мектептик билим берүү долбоордун негизги иш-чараларынынбири болуп саналат. Бул билим берүүнүн райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жана мугалимдердин дараметин күчтөндүрүү, өзгөчө кырдаалдар боюнча симуляциялык машыгууларды өткөрүү, биринчи жардам берүүнү үйрөтүү боюнча бүгүн эки мектептин мугалимдерине семинар өткөрүп жатабыз деп Кутман Кенжебаев билдирди.
Биринчи жардам көрсөтүү боюнча практика учуру
Бүгүнкү семинарда мугалимдерге «Кызыл Жарым Ай» улуттук коомунун тарыхы менен таныштырдык ошону менен бирге климаттын өзгөрүшүнө себептерин аныктап чыктык. Азыркы учурда бардык жасалып жаткан иш-аракеттерге карабастан, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, окуучуларга коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн үйрөтүү жана өзгөчө кырдаалдарда даярдык көрүп,табигый кырсыктардын коркунучун азайтууда колдоо көрсөтүү боюнча дагы көп иштер жасалышы керек-деп сөзүн Кутман Кенжебаев улантты.
Кутман Кенжебаев жана Адил Арунов тренинг учуру
Капар Кыдыралиев аындагы орто мектебинин мугалимдери бүгүнкү семинардан өздөрүнө көп маанилүү маалымат алганына жана практикада өздөрү биринчи жардам көрсөткөндү үйрөнө алышкандыгы кубантты.
Канайым Мирланова