Барскоон айыл аймагында селге каршы суу баштарын токтотуу жана айылды жашылдандыруу максатында көк терек көчөттөрү отургузулду. Аталган теректен 800 түп айылдын төрт тилкесине бөлүнгөн. Бул саамалыкта айыл тургундары ашар жолу менен экологияга кам көрүүдө.
Теректер айылдагы сел коркунучу бар деген жерлерге айыл өкмөттүн көрсөтмөсү менен тигилди. Аларды отургузуу иш-чарасы айыл өкмөткө келген долбоордун негизинде жүзөгө ашты.

Барскоон айыл аймагына жалпысынан дээрлик 61 сомго 800 түп кѳк терек алынып келинди.
Барскоон айыл аймагына «Бир дүйнѳ»коомдук фонду пилоттук долбоорун баштады. Долбоордун алкагында Барскоон айыл аймагына дээрлик 61 миң сомго 800 түп көк терек алынып келинди. Көк теректерди отургузуп, айылды көрктөндүрүү жана табигый кырсыктарга каршы туруу үчүн айыл тургундарынан топ түзүлүп, алардын ичинен лидер шайланды. Мындан ары, долбоордун баардык шарттары шайланган лидерлер тарабынан ишке ашырылмакчы.

Көк теректер үчүн айыл тургундарынан атайын топ түзүлүп, топтун лидери да аныкталды.
Түзүлгѳн комиссия тарабынан айылдын кайсы жагына кѳчѳттѳр отургузула тургандыгы да аныкталды.

Долбоор боюнча түзүлгѳн комиссиянын курамы
Алынып келинген кѳк теректер тѳрт бѳлүккѳ бѳлүнүп айылдын тѳрт тарабына тигилди.

Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн жамааты иш үстүндѳ

Теректер сел болуу учурунда эң кооптуу делген жерлерге отургузулду.

Барскоон айылынын тургундары

Бул саамалыкка жаш-кары дебей тургундар активдүү катышты
Бул саамалыкта айыл тургундары ашар түрүндѳ ишти алып барды. Көк терек көчөттөрү айыл тургундарына да берилип, кооптуу деп саналган тилкелерге тигилди.
Ар бир терек отургузулган жердин ээлери алардын ѳсүшүнѳ, суу куюп кароосуна жооптуу болуп бекитилди.

Тигилген көчөттөр айыл элинин көзөмөлүндө болмокчу
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Гүлкайыр Осмоналиева