Акыркы күндөрү жер-жерлерде айттырбай келген кырсыктар көбөйүүдө. Күн ысык болгондугуна байланыштуу элдин баары көлгө агылууда. Бирок, коопсуздуктун каралбагандыгынан улам көлгө чөгүп каза болгондордун саны дагы бир топ өсүүдө. Бул маселе барскоон айыл өкмотүндө да эске алынууда.
Барскоон айыл аймагына пляждын коопсуздугун сактоо үчүн, өзгөчө кырдаалдар министлиги тарабынан атайын токтом жөнөтүлгөн. Ал токтомдо пляждардын жээктерине атайын даярдыктан өткөн адистер, 3 мертден ашуун вышка, кайыктар жана куткаруучу шлепкалар алынуу керектиги айтылган. Барскоон айыл аймагынын 2022- жылга бюджети бекитилип калгандыгына байланыштуу 2023-жылдагы бюджеттен акча кара жатын карап, андан соӊ токтомду ишке ашыра тургандыгын билдиришти.
Мындан тышкары өрт коопсуздугу дагы эске алынып, өрт өчүрүүчү чакан ишкана салына турган жерди пландап, атайын тиешелүү документтерди даярдоо иштери башталды.
Гүлкайыр Осмоналиева