Күндүн илеби кайтып тоолуу аймактарда суук боло баштады. Аны менен бирге таш көмүрлөрдүн баасы дагы кымбаттап, элет жерлерине таш көмүргө суроо талаптар да көбөйдү. Барскоон айыл өкмөтү бюджеттин эсебинен социалдык мекемелер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 1 миллион эки жүз жетимиш алты миң сом өлчөмүндө каражат бөлгөн.
Жылдагыга караганда быйыл суук эрте түшүүдө. Кыргызстандын тоолуу аймактарында эртели-кеч суук боло баштады. Күзгү оруп жыйноону эртелетпесе кар алдында калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү 2020-2021 жылдагы бюджеттен 1276000 миң сом акча каражатын кышка даярдык катары бөлгөн. Ал каражатка 189 тонна таш көмүр алынып эки чоң мектеп, бала бакча жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилет. Бүгүнкү күндө жалпысынан 103 тонна таш көмүр алынып келип, тиешелүү социалдык мекемелерге жана муктаж болгон үй-бүлөлөргө таркатылып берилгендиги туралуу айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Назира Иманалиева билдирди.
Барскоон айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Назира Иманалиева
«Барскоон айыл аймагы боюнча 9239 тургун жашайт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жалпысынан 285. Алардын ичинен 57си өтө колдоого муктаж үй-бүлөлөр. Биздин бюджеттен каралган акчага 189 тонна таш көмүр алып келиниши керек. Бүгүнкү күндө 103 тоннасы алынып келип таркатылды. Тактап кетсем, бала бакчага 12 тонна, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 15 тонна жана эки мектепке 76 тонна таш көмүр берилди. Ал эми 86 тонна таш көмүр келгенде калгандарына толугу менен таркатып беребиз. Ал эми отун маселесин болсо Кумтөр компаниясына кайрылуу жазганбыз. Алардан көмөк келсе калгандарына таратып беребиз деп турабыз».
«Жыл өткөн сайын климаттар алмашып күз мезгилинде эле суук боло баштады. Элет жеринде дыйкандар талаадагы эгин, чөп чарларын, алма, алмуруттарын толук жыйнап ала элек. Быйылкы жыл жаанчыл болгондугуна байланыштуу эгиндерди чабуу кечирээк болууда дейт дыйкандар. Сууктун эрте келишин эч ким күткөн эмес. Ошондуктан, айыл жеринде таш көмүр маселеси да бар. Анткени айылдарга таш көмүр тартып келген унаалар азырынча жок. Жылдагыга караганда быйыл таш көмүрдүн баасы бир кыйла кымбат болот деген каңшаар айыл тургундарынын тынчын алып жатат»,- дейт Барскоон айылынын тургуну Нурбек Исаков.
Барскоон айылынын тургуну Нурбек Исаков
«Быйыл суук эрте келчүүдөй болуп турат. Азыр сентябрь айы эле да. Бирок эмнегедир күн суук. Минтип отурсак октябрда эле от жага баштайт окшойбуз. Быйыл кыштан кантип чыгарыбыз азырынча белгисиз. Себеби, таш көмүр эмдигиче айылга келе элек. Колдон келишинче отун даярдап жатабыз. Элдерден угушумча баасы да жогору экени айтылууда. Светтин баасын да көтөрсө карапайым эл кантип чыдайт билбейм. Айыл жеринде шаардагыдай жумуш жок. Кимдин колунан эмне келет ошону менен тиричилик кылып келишет. Азыр бардыгы кымбат болууда. Электр энергиясын көп колдонсоң дагы анын акчасы көп чыгып келет».
Ал эми элет жеринде кышка даярдык көрүү жогорку деңгээлде жүрүп жатканынан кабар берет. Кымбатчылык өкүм сүрүп жаткандыгына карабастан айыл аймактарда социалдык мекемелер таш көмүр менен камсыз болушту. Суук түшүп баштаган соң октябрдын 15 нен баштап бала бакчаларга жылуулук бериле баштайт. Албетте, бала бакчаларда наристелер тарбияланып жаткандыгына байланыштуу, мекеменин ичи жылуу болуш керектигин, «Барскоон» мектепке чейинки билим берүү уюумунун чарба айымы Венера Искакова айта кетти.
«Барскоон» мектепке чейинки билим берү уюумунун чарба айымы Венера Искакова
Бала бакчага берилген 12 тонна таш көмүр
«Биздин бала бакчада жалпысынан 205 бала тарбияланып келет. Быйылкы жылы бакчабыз кеңейтилип эки топ кошулгандыгына байланыштуу, быйыл таш көмүрдүн тоннасы дагы көбөйтүлдү. Жылда 8 тонна таш көмүр берилчү, ал эми быйыл 12 тонна таш көмүр берилди. Күндүз кечке таш көмүр жагылат дагы ал эми кечкисин электр энергиясын колдонуп келебиз. От жагуу мезгилинде бакчанын бардык комнаталар жылып келет. Кудай буюрса, айыл өкмөт отун маселесин чечип берсе, кышка толугу менен даярбыз деп айта алам».
Гүлкайыр Осмоналиева