Бешбармакты ар бир кожойке ɵз табитине жана ыкмасына жараша жасайт. Убакыттын ɵтʏшʏ менен ага сарп болгон азыктардын составы кɵбɵйʏп, рецепттик нормалары ɵзгɵрʏʏдɵ.
Тактап айтканда пияз, сарымсак, помидор, калемпир-мурч, сыяктуу татымалдар менен жашылчалар кошулмасы. Булар бешбармакка кɵрк эле бербестен даамын жакшыртып, калорияга байытат. Бешбармак эзелтен бери эң кадырлуу сый тамак катары эсептелип, эл арасында анын тʏрлɵрʏ даярдалып келет. Улуттук сый оокаттын эн абзели болгон бешбармак наарындан бɵлʏнʏп чыгып, ɵз алдынча оокат катары калыптанган. Ошондуктан ушул кезге дейре айрым карыялар « кесме наарын» «наарын» деп коюшат. Дан, эт, жашылча сыяктуу ар тʏркʏн азыктардын айкалышынан улам жаны сапатка кɵтɵрʏлʏп, жаныча багыт алып, жаны атка конгон бешбармактар азыркы дасторкондон орун таап, сый оокатка айланды.Учурда конокко тартылган сый тамактын чʏйгʏнʏ сынары бешбармак менен корутундалат. Улуттук тамак-аштын катарынан кадырлуу орун алган бул тамактын тʏрлɵрʏн ар бир ашпозчу ɵз фантазиясына жараша жасайт. Ал эми, Алашак бешбармакты даярдоо ʏчʏн эмнелер керектелет :
600г-700г тууралган эт, чакан субала кесме, 350г чык, 200г куйрук, 200г боор. Алашак бешбармак койдун этинен болот. Жакшы бышкан койдун этин майда туурайт.Шорпосуна кесмени бышырып, сузуп,тууралган этке кошуп чык куюп аралаштырат.Мурдатан майда туураган куйрук-боорду устуно салып дасторконго коюлат.
Даярдаган: Айсулуу Нурматова, Аяна Орозбекова