1-3-май күндөрү «Онлайн билим берүү жана кесиптердин келечеги: Пост-2020 жаңы нормалдуулукка саресеп» аттуу эл аралык форум өтөт. Аталган иш-чара Онлайн Университеттин 1 жылдыгына карата уюштурулууда.

Чет өлкөлүк жана кыргызстандык окумуштуулардын жана адистердин башын бириктирген эл аралык форумда коронавирус пандемиясынан кийин дүйнөдө билим алуудан жана иштөөдөн эмнени күтүүгө болот, онлайн режимде билим алуу жана иштөө жаңы нормага айланабы деген суроолор талкууланмакчы. 2020-жылдан кийинки жаңы нормалдуу кырдаалда иштөөнүн келечегине байланыштуу маселелер каралат.
Мектеп жана ЖОЖ мугалимдери, жумуш берүүчүлөр, эксперттер жана изилдөөчүлөр онлайн режиминде билим алуу жана онлайн режиминде иштөө тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Ошондой эле иш-чарада Кыргызстандын мектептериндеги онлайн билим берүү боюнча акыркы изилдөөлөрдүн натыйжалары сунушталат.
«2020-жылы жумуш орундары абдан кыскарды жана билим берүү тутумубузда да чоң көйгөйлөр жаралды. COVID-19 пандемиясы өзгөрүлүп жаткан дүйнөгө олуттуу кыйынчылыктарды алып келди. Пандемиядан кийин эмгек рыногу эмнелерди талап кылат деген орчундуу суроолор жоопсуз калууда. Учурда тездик менен өзгөрүүгө учурап жаткан эмгек рыногундагы тенденцияларды аныктоо жана глобалдык пандемиянын ал тенденцияларга тийгизген таасирлерин талкуулоо күн тартибине чыкты. Санарип билим пост-ковиддик дүйнөдө айкалышкан окутуу менен жумуш чөйрөсүнүн “милдеттүү” бөлүгү болуп калабы? Мына ушундай учурдун курч суроолоруна жооп издөө үчүн бул форумду уюштуруп жатабыз», — дейт форумдун уюштуруучусу,Онлайн университетинин негиздөөчүсү Элира Турдубаева.
Онлайн форумдун алкагында пандемия учурунда онлайн билим берүү маселелери боюнча Кыргызстандагы мектеп мугалимдеринин арасында Онлайн университет уюштурган «Мугалимдин күндөлүгү» сынагынын активдүү катышуучуларын сыйлоо аземи да өтөт.