Быйылкы жаңы окуу жылында мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү форма киргизилген. Анын өңүн тандап алууга министрлик бир ай мөөнөт берген. Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мына ушул максатта ата-энелер чогулушу болду.
Бирок тилекке каршы келгендер өңүн эмес,бул жылы форма менен камсыз кыла албай тургандыктарын айтышты. Бир үйдө 4-5тен балдар окуйт, кыйнасаңар да эч нерсе кыла албайсыңар дегендер да болду.Айрымдары өкмөт форманы киргизгенден кийин сатыкка толук чыгарса. болмок. Колубуздагы каражатка мурдагы эле форманы алпердик. Ошону эле кийгизебиз дешти. Ал эми Байтерекова Г.»Бул формага этап менен өткөрсө болмок. Мисалы быйыл 1-4кл,андан кийин 5-8 кл. Акырындап өткөрсө кыйынчылык болмок эмес»дейт. Соңунда ата-энелер быйыл эмес,кийинки окуу жылында кийгизебиз деген чечимге келишти.
Даярдаган:А.Айылчиева