Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тарыхы тууралуу уламыштар көп айтылып келет. Алардын бир нечесине токтолобуз.
Бүгүн Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук бирикмесинин көчмө жыйыны өттү.
Жайыл районунун Кара- Суу айылынын дыйкандары акыркы түшүмдөрүн жыйнап жаткан чак. Азыр жүгөрү жана кызылчаны жыйнап алып жаткан маал. Аба ырайы дагы түшүмдү жыйнап алууну бир аз токтотту.
2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата Тогуз-Торо районуна караштуу Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн курулуп жаткан жаңы имараты ишке киргени жатат.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө 18-октябрь күнү атайын ички иштер тарабынан уюшулган «Кылмыштуулукка жол жок» деген темада жыйын болуп өттү.
Азербайжандан келген журналисттер тууралуу аудиорепортаж Azerbayjan 22
Бүгүн, 15-октябрь 2018-жылы, Жайыл районунун Кара-Суу айылынын “Ак кептер” жамааттык мультимедиаборборуна Азербайжан Республикасынан делегация келди. Делегацияны Бишкектеги Клооп медианын кызматкери Элмурат Асан жана Анна Лелик жетектеп келишти. Келген делегациянын көбү …
Кыргыз Эл жазуучусу, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ш.Бейшеналиевдин 90 жылдык мааракесине карата «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Билим беруү жана илим министрлиги менен биргеликте окуучулар арасында, жазуучунун балдарга …
Тогуз-Торо районунда бийик даражага ээ, Сары-Булун айылдык мектебинин түптөөчүсү болгон Таштемир Сатыбалдиев 1926-жылы Сары-Булуң селолук советинде кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Ак-Талаа районунун Баетов айылынындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 13-октябрда «Кыргыз тилин даңктаймын» аттуу темада уюштурулган 8-9-10-11-класстар аралык балдар жана кыздар арасында волейбол оюну болуп өттү.
Бүгүн Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын жалпы чогулушунда, 2018-2019 окуу жылынын башталышына карата гимназиянын бир топ мугалимдери Ардак Грамота жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышкандыгы маалым болду.
Сүлүктү шаарындагы №9- мектеп гимназиясынын окуучулары сабак окуу процесси жүрүп жаткан учурда, чөнтөк телефонун колдонууга тыюу салынды. Бул боюнча бүгүн гимназиянын ата-энелер комитетинин жалпы жыйынында бир ооздон кабыл алынды.
Ооган- Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев атындагы орто мектебинде 48 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Тиркешов Полотбек агайдын ысымы мугалимдер канасына берилди.
Ооган- Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында бий кабинети ачылды.
Сатыбалды Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушта мектептеги жетишкендиктер жөнүндө баяндаманы мектеп директору Давлет Омурзакова берди.
Чүй областынын Кара-Суу айыл аймагынын айылдарында кант кызылчасын казуу кызуу жүрүп жатат. Ставропол жана Кара-Суу айылдарынын дыйкандары кант кызылчасын казып, Кайыңды кант заводуна өткөрүп жатышат.Айылыбыздын тургундары кант кызылчасын короолоруна (15-20 …
Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Эркинбек Дюшебаев бакчасынын көбүнө Календула Бархаты гүлүн эккен. Учурда гүлдөп бакчасы өзгөчө түскө бөлөнүп турган кези.
Нарын районунун Куланак айылында «Таза коом» долбоору ишке киришкенден бери айыл тургундарына үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп келе жатат. Бул тууралуу төмөнкү видеодон көрө аласыздар: Даярдаган: Ырысбай Адамалиев
Билим жана илим кызматкерлеринин Баткен областынын IV конференциясы болду.