Сүлүктү шаарындагы №9- мектеп гимназиясынын окуучулары сабак окуу процесси жүрүп жаткан учурда, чөнтөк телефонун колдонууга тыюу салынды. Бул боюнча бүгүн гимназиянын ата-энелер комитетинин жалпы жыйынында бир ооздон кабыл алынды. 
«Эртеңден баштап кайсыл гимназист кол телефон көтөрүп келсе, ата-энелер комитетинин чечими менен тартып алынат»- деп маалымат берди тарбия иштери боюнча директордун орун басары Бермет Абдрахманова.
Кабарчы: Канайым Абдигапарова