8-март «Аялдардын Эл аралык күнү деп белгиленет. Ал эми анын түпкү тарыхын, майрамдын келип чыгышы тууралуу Ооган-Талаа айыл эли эмнелерди билет сурамжылоо жүргүздүк.
Ички иштер министринин 7 приоритеттүү багытын натыйжалуу аткаруу боюнча жыйын Базар-Коргон районунда өткөрүлдү.
Базар-Коргондо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү жана 5-март Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш өттү. Бүгүн, 2023-жылдын 3-март күнү Базар-Коргон районунун борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туунун кабыл …
Орто эсеп менен азыркы 60 жаштагы аялдардын дагы 20 жыл жашоо мүмкүнчүлүгү болсо, эркектердики 15 жыл. Статистикага таянсак эркектердин 70 пайызы гана пенсия жашына жетсе, аялдардын 90 пайызы жетет.
Төрайым Алимжан кызы азыркы учурда Польшанын борбору Варшава шаарындагы Финансы жана бизнес академиясында Компьютердик инженерия “Computer Engineering” багытында магистратурада окуйт. Мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөдө билим алуу кыялы болчу.
19 жаштагы Гулзада Абдулахатова учурда Туркиянын Кютахья деген шаарында англис тили багытында окуйт. Чет жакка чыгууну кичинекей балалык кезинен кыялданып жүргөн Гулзада кыялына жетип, өзү каалаган окуу жайда окуп жатат.
Базар-Коргон районундагы Б.Осмонов атындагы гимназия орто мектебинде райондук жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын арасында республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы жана Манас айтуучулардын сынагынын райондук баскычы өттү.
Базар-Коргон районундук агрардык башкармалыгы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 102%га аткарган. Башкармалыктын билдиргенине караганда 12 айдын жыйынтыгы менен былтыркы жылга салыштырмалуу 348 млн 363миң 700 сомго көп жана өсүү темпи 102.8% аткарылган.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтептар өз ойлорун билдирип, оорукананын азыркы абалы бир канчага жакшырганын белгилешти.
Салима Курбанкулова 16 жашында атасынын чечими менен турмушка чыккан. Ден соолугунун жабыркашына эрте жашта турмуш куруу себеп болгон дейт.
Экономикалык зомбулукка иштебей отурган аялдар көп кездешерин эксперттер айтууда. Аялдар өз ишин ачып, бизнес жүргүзсө жеке ишкердик менен алектенсе, акча таап баштаганда күчтүү болот көп маселелерди чечет, маанилүү чечимдерди кабыл …
Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылындагы шаркыратманын өзгөчө көрүнүшүн жергиликтүү тургундар тартып алган. Быйыл кыш суук болгондуктан, шаркыратманын 80% тоңуп, табияттын кооз көрүнүшүнө айланган деди Шохрух Мирзакаримов.
Бизде коомчулук көбүнчө стереотиптүү көз караштар менен жашайт-деп билдирди мектептин соц педагогу Зарина Самидинова.
Негизи менин тагдырым токойго байланышып калган экен. Токой менин жан дүйнөм. Өзүм жаратылышты жакшы көрөм. Кызыл-Ункурдө жашап токойчу болсом дейт элем. Токойдун сакталуусуна өз салымымды кошуп жатам деген Сартабева бүт …
Базар-Коргон районунун Абдураимов айылындагы жолдун чекесиндеги чоң дүкөнгө кирген ар бир кардар жаркылдап тосуп алган Мукарам Сатыбалдиева менен кездешет. Ал ар бир күнүн өзүнүн соода борборунда өткөрөт. Жаңы жылга карата …
Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында сентябрдан ноябрга чейин жаңгак терүү мезгили болот. Жаңгак терүү процесси да бир үй-бүлөнүн убактысын сарптайт. Эртеден кечке жаңгак күүп, терип жүрүп күн кечкиргенин билбей каласың. Бала …
Чкалов айылында бала бакча маселеси курч болгон. Бакча маселесин депутат Нуржамал Камилжан кызы чечип, 50 орунду балдар бакчасын ачкан.
2022-жылдын 23-декабрь күнү Кеңеш айыл аймагындагы Капарбек атындагы орто мектебинде Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу 69 мектептин директорлоруна семинар болуп өттү.
Бүгүн, 2022-жылдын 21-декабрь күнү Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасынын Ачы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Бүгүн, 2022-жылдын 22-декабрь күнү Кеңеш айыл аймагына караштуу Могол-Коргон айылында 50 орунду «Керемет» мектепке чейин билим берүү уюму ачылды.