Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ооган-Талаа

Ооган-Талаа: Айылдагы төрөт үйүндө унаа жок

IMG_0210
Кеминде он айылды тейлеген Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн кызматкерлери төрөтү келгендерди аймактык ооруканага жеткирүү үчүн таксисттерге кайрылышат. Айрым тургундардын унаага төлөөгө каражаты жетишпегендиктен төрөттү өз убагында аймактын ооруканага жеткире алышпайт. Аймактык оорукана менен айыл аралыгы 50 километр.

12 Ноябрь 2013 жыл 13:21

Ооган-Талаа: Мультимедия борборунун айрым мүчөлөрү жумуш издеп Орусияга кеткен

image-112.jpgЖумушсуздуктун айынан Оооан-Талаа мультимедиа борборунун кабарчысы Диана Турсунбаева мектепти аяктаган соң Москвага кеткен. Ошол эле борбор жетекчисинин орун басары Марат Токтобаевдин билдиришинче, алардын кабарчылары көтөргөн темаларынын жардамы менен айылда бир топ маселе чечилген.

8 Ноябрь 2013 жыл 16:18

Ооган-Талаа: Жети жылдан бери түзөлбөгөн жол оңдолду

image-105.jpgАйдоочунун айтымында жолдун оңдолушу аларга жеңилдиктерди жаратууда. Эгер асфальт төшөлсө мындан да жакшы болмок дейт айдоочу.

8 Ноябрь 2013 жыл 15:03

Ооган-Талаа: Шашке чайдын начардыгынан окуучулар тамактарды жебейт

wpid-20130802_1940593
Мектепте берилүүчү кондитердик азыктардын сапаты начардыгынан окуучулар аларды жебей таштап кетишет. Ал эми мектеп директору БУУ тарабынан финансылык жардам каржыланса, ысык тамак берилерин маалымдады.

9 Октябрь 2013 жыл 14:30

Ооган-Талаа: Жаңы окуу жылы жаңы үмүттөр менен башталды

wpid-20130913_105009Ооган-Талаадагы №17 орто мектебинде эмгектенген Райкан Сатымкулова жаңы окуу жылына жаңы дем, чоң үмүт менен киришти. Ал башталгыч класстарга сабак берет.

9 Октябрь 2013 жыл 14:00

Оогон-Талаа: Бөбөктөрдүн сүйүктүү бакчасы тамырланууда

image-79.jpgБалдар бакчасы иштебей жатканына байланыштуу, ата-энелер балдарын ар кайсы жерлерге таштап, жумушка барууга аргасыз болушууда. Балдар бакчасынын жетекчиси 2013-жылдын 1-сентябрында балдарды кабыл алуусун маалымдады.

13 Август 2013 жыл 13:51

Оогон-Талаа: Авто унаа алыш үчүн Москвада иштеп келген Нургазы

image-55.jpgНургазы Мурзакулов Москвадагы курулуштардын биринде иштеп келип,  Honda үлгүсүндөгү авто унаа сатып алган. Азыркы учурда алган унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыйт. Кайрадан барып там салып жана магазин курууну пландаштырууда.

25 Июль 2013 жыл 15:39

Оогон-Талаа: Физика лабораториясынын жоктугунан мугалим теманы плакаттар менен түшүндүрөт

image-48.jpgМектепте лаборатория жоктугунан физика мугалими теманы түшүндүрүү үчүн ар кандай плакаттарды чийүүгө аргасыз. Директор лаборатория ачуу үчүн каражаттын жоктугун маалымдады.

25 Июль 2013 жыл 12:57

Оогон-Талаа: Там салыш үчүн Красноярскка иштеп кеткен дене-тарбия мугалими

wpid-20130724_163503Үй курууга каражат табуу үчүн Хасан Эгембердиев жубайы менен Россияда алты ай иштеп келди. Эки баласын чоң энесинин кароосунда калтырышкан.

24 Июль 2013 жыл 17:59

Оогон-Талаа: Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгынан айылда туруктуу свет берилбей жатат

image-21.jpgАчы участогуна караштуу РЭСтин өкүлү Токтогул ГЭСинде суунун жетишпестиген электр энергия өчүрүлүп жатканын маалымдады. Мындай абал айыл тургундарынын жашоосунда тоскоолдуктарды жаратууда.

24 Июль 2013 жыл 17:53

Оогон-Талаа: Сугат суунун жетишсиздигинен айылда огороддор кургап кетти

image-5.jpgСугат суунун жетишсиздигинен огороддор кургап кетип, айыл тургундары жер-жемиштерди кымбат баада сатып алууга аргасыз. Ал эми айыл өкмөтүнүн орун басары казылган арыктар жаандан улам кайрадан толуп калганын маалымдады.

24 Июль 2013 жыл 16:13

Оогон-Талаа: Спорт залдын жоктугунан мектеп окуучулары кыш мезгилинде дене-тарбия сабагын класста өтүшөт

image-6.jpgДене-тарбия сабагы жылуу мезгилдерде гана спорт аянтчасында өткөрүлсө, ал эми кыш мезгилинде спорт зал жоктугуна байланыштуу класс ичинде шахмат жана шашки ойноого аргасыз. Мектептин директору спорт зал куруу үчүн атайын эл аралык гранттар жазылып жатканын маалымдады.

24 Июль 2013 жыл 15:50

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...