Мектепте берилүүчү кондитердик азыктардын сапаты начардыгынан окуучулар аларды жебей таштап кетишет. Ал эми мектеп директору БУУ тарабынан финансылык жардам каржыланса, ысык тамак берилерин маалымдады.
Давлат Өмүрзакова Ооган Талаадагы №17 орто мектебинин директору. Ал азыр окуучуларга берилүүчү шашке чайдын сапатын жакшыртуунун үстүндө иштеп жаткандыгын билдирди.
«Шашке чайдын сапатын жакшыртуу үчүн БУУ тарабынан каржыланып, окуучуларга ысык тамак берилүүсүнүн үстүндө иштеп жатабыз», — деди мектеп директору Өмүрзакова.
Мектептин чарба башчысы Шакир Аликулов шашке тамагы үчүн чай даярдалуучу электр меши талапка жооп бербейт дейт.
«Шашкеде чай даярдоочу плитабыз талапка жооп бербегендиктен, чай берүүдө өтө кыйынчылыктар туулат», — дейт мектептин чарба башчысы Аликулов.
4-класстын окуучусу Актилек Надирбек уулу берилген тамактын начар экендигин айтып өттү.
«Бизге берилген кондитердик азыктардын сапаты начар болгондуктан, көбүнчө жебей таштап кетебиз»
Автору: Эркинбекова Айсулуу.