Айрым жегриликтүүлөр электр жарыгынын жоктугунан коомдо болуп жаткан окуялардан артта калып баратканын айтышса, кээ бири электр энергиясы жоктугунан кышында башка жакка көчүп кеткендер көп болот дешет.
Мейманали Кадыров 1960-жылдары Жаз-Кечүүдө төрөлгөн. Ошондон бери айлында электр жарыгы болбогондугун айтып, айыл тургундары Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан убагында кабардар боло албай жаткандыгын белгилейт.
Учурдун талабына жараша айрым жетишкендиктер менен да пайдаланышаарына төмөнкүчө токтолду.
“Азыр бензин менен иштеген кытай движокторун алып барып алганбыз. Бирок ал дагы убактылуу. Бензинди көп жейт экен. Анан дагы кытайдын күн энергиясынан ток алып берген аппараты менен сыналгы, DVD көрүшөт”,-деп айтып берди Мейманали Кадыров.
Жаз-Кечүүнүн тургуну Мейманали Кадыровдун өсүп келе жаткан айылдагы муун тууралуу оюн мындайча улантты.
“Электр болсо жаш балдарыбыз компьютер ойногонду, электрондук почталарды ачып интернет менен байланышып, жакшы болмокта”.
Айылдын дагы бир жашоочусу Рахманали Кадыров ар күнү кечти чырактарга май куюу менен тосуп алат. Ал Жаз-Кечүүдө токой чарба бөлүм башчысы болуп эмгектенет.
Ал айылда шарттын жоктугунан кетип жаткан айрым тургундаран айырмаланып ушул кыштакта жашоосун уланта берээрин айтат.
“Электр энергия жок эми ата-бабаларыбыз ушул жерден жашап келген, биз да жашап эле атабыз.Турмуш шундай экен, шаарга барган менен ал жакта үлүшүбүз жок”,-деп баяндады Рахманали Кадыров.
Токой чарба башчысы кошумчалагандай, айылдын мектеби 80-жылдары курулуп, азыр авариялык абалда турат. Кышында от жагып жылытайын десе, өрттөнүп кетеби, деп кооптонушат, анткени мектеп фин үйүнүн үлгүсүндө курулган. Мектепте 11 жылдык билим берилет.
Ноябрдын баштарына чейин айылдан кеткендер кетип, айырмдары жазда жер иштетип, эгин эгүү үчүн кайрадан келишет, кээ бири болсо биротоло көчүп кетип жатышат. Кышында Жаз-Кечүүдө көпчүлүгү улгайгандар калышат, дейт Рахманали Кадыров.
Жаз-Кечүүнү электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышкан. Айылдын маселеси Премьер министрге жетип, “Жалал-Абад электрого” тапшырма берилгендиги тууралуу айыл башчысы Замирбек Мисиркулов билдирди.
“Энергетика министрлигинде [айылды электр менен камсыздоого] 32 миллион сом каражат керек дешти. Премьер министрдин казынысынан акча бөлүнсө кылып берүүгө даярбыз деп атышат”,-деп белгиледи Жаз-Кечүү айылынын башчысы Мисиркулов.
Айылда электр жарыгынан сырткары жол да көйгөйлүү маселелердин бири экендигин кошумчалады ал.
Электр тогун түркүктөр менен эмес, жер астынан алып өтүш керек, анткени ал жер жаңгак токой басып кеткен. Ал эми жаңгактарды кыйууга болбойт, деген ою менен бөлүштү Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөев.
“Жолдун, электр жарыгынын [каражатын] чыгарганбыз жалпысынан 30миллион акча болгон. Ошол быйыл каралып жатат. Эгер болуп кала турган болсо 2014тө [ишке] киргизебиз деген Өкмөттүн программасында бар”,-деп айтты Дөлдөев.
Жаз-Кечүүнү ортосунан суу бөлүп негизинен эки бөлүктөн турат. Бир тарабы Сузак, дагы бир тарабы Базар-Коргон районуна карайт. Айылда миңдин тегерегинде калк жашайт.
Сүрөт tushtuk.kg сайтынан алынды
Авторлор: Акмарал Биймурзаева, Бекболот Рахатбек уулу