Ооган-Талаадагы №17 орто мектебинде эмгектенген Райкан Сатымкулова жаңы окуу жылына жаңы дем, чоң үмүт менен киришти. Ал башталгыч класстарга сабак берет.
«Бул окуу жылында өзүмдүн классым менен биргеликте бир топ ийгиликтерди жаратууну максат кылып койдум»-, деп билдирди Райкан Сатымкулова.
Мектептин 9-классынын окуучусу Абдуали кызы Оматай билим күнүндө алгачкы сабагы иштерман жылына арналганын белгиледи.
«Бул сабактын негизги максаты бизди патриоттуулукка, иштермандыкка жана ыймандуулукка тарбиялоо экенин байкадык»-, деди Оматай.
11-классынын окуучусу Надирбек уулу Адилет болсо бүтүрүүчү катары мектепке өз салымын кошуп кетүү боюнча оюн төмөндөгүчө бөлүштү.
«Биз бүтүрүүчү катары бул жылы мектепке бир нече инвентарларды алып, машыгып аны өзүбүздөн кийинкилерге белек катары калтырып кетели деп чечтик»
Автору: Эркинбекова Айсулуу