Балдар бакчасы иштебей жатканына байланыштуу, ата-энелер балдарын ар кайсы жерлерге таштап, жумушка барууга аргасыз болушууда. Балдар бакчасынын жетекчиси 2013-жылдын 1-сентябрында балдарды кабыл алуусун маалымдады.
Тарбиячы Айнура Тажибаева Балдар бакчасы 28-майдан бери балдарды кабыл албай жатканын айтып өттү.
«Бала бакчада 28-майдан бери балдарды кабыл албай жатабыз, себеби ЮНИСЕФ тарабынан тамырланууда»,-дейт тарбиячы.
Мугалим Алтынай Токтосунова Балдар бакчасы иштебей жатканына байланыштуу, баласын жада калса көчөгө да таштап кетээрин айтты.
«Жумушка барганда баламды караганы эч ким жок болгондуктан, көчөгө таштап кетүүгө мажбур болуп жатам»,- дейт Алтынай Токтосунова.
Жетекчи Фарида Замирова 2013-жылдын 1-сентябрында ачылаарын маалымдады.
«2013-жылдын 1-сентябрында балдар бакчасы ачылышы күтүлүүдө»,-деп айтты жетекчи.
Автор: Синарида Турсунбаева