БУУнун жардамы менен «Тоо-Гүлү» балдар бакчасына ойноо аянтчасы курулган. Аянтча бүтүп 30-майда анын ачылышы болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун, Ооган-Талаа айылынын маданият үйүнүн абалы өтө начар. Чатырдан суу өтөт, такталары чыгып чирип кеткен. Ошого карабай бул жерде ар кандай иш чараларды өткөрүүгө туура келет.
2014-жылдын 31-майында Жалал-Абад облусунун Ооган-Талаа айылында жайгашкан Могол айыл округунун башчысы Турдукулов Эркин менен ЮНЕСКО уюмунун Алматыдагы бюросунун Кыргызстандагы өкүлү Валентина Галичтин жолугушуусу болуп өттү. Жыйында мультимедиа борборунун айылга, жаштарга тийгизген таасири жѳнүндѳ кеп болду.
Айылдагы төрөт үйүнүн абалы тургундарды түйшөлтүп келет. Ага кошумча төрөт үйүндө адис-кызматкерлердин саны да жетишсиз.
Ооган-талаа айылында таштанды маселеси күч алып жатат. Бул маселеге эч ким көңүл бурбайт. Ичимдигин ичип, анын бөтөлкөсүн көрүнгөн жерге таштап кетишет. Таштандыны туш келди төккөндөр эми айып пулга жыгылат, дейт айыл башчысы Муктар Дөлдөев.
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнө үч ай мурда УЗИ алынып келинген. Учурда аны иштеткени адис жетишпегендиктен, айылдын гинекологу Бактыкан Абдирешова Ошко төрт айлык окууга барууда.
Айылдагы Сатыбалды Далбаев орто мектебин 11-класстары билим уясын толук бир айдан кийин аякташат. Бүтүрүүчү класстардын келечек максаттары кандай, эмнелер жөнүндө ойлошот, кызыгып сурап көрдүк. Төмөндө айрым окуучулар менен болгон маегибизди сунуштайбыз.

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында жылына кырктын тегерегинде окуучу мектепти аяктайт. Мектеп директорунун айтымында ондой бүтүрүүчү чет өлкөгө иштегени кетет.
Толгонай Көчкөнбаева “Нооруз” дүкөнүнүн ээси. Ал кырк жылдан бери соода тармагында иштеп келет. Келечекте дүкөнүн кеңейтүүнү пландоодо.

Жыйырма алты жылдан бери акушер-гинеколог болуп иштеп жаткан Абдирешева Бактыкан төрт айыл өкмөттүн келин-кыздардына кызмат көрсөтөт. Ошону менен бирге Үй-бүлөлүк дарыгер тобунда да эмгектенип келет.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Нурдинович эгерде дарыянын жээги бекемделбесе, суу ашып кетип ошол жердеги суу кампасына кооптуулук жарата тургандыгын жана бул иштерди жалпы айыл тургундары аткарып жаткандыгын маалымдайт.

Айыл тургундарынын айтуусу боюнча бүгүн Кыргызстанда эң маанилүү күн. Анткени кыргызды кыргыз кылган «Ак калпак» дешет.

Айыл тургундарынын айтуусу боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кыш оор болду. Февраль айында аба ырайы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу отун жетишпестиги келип чыкты.

Айылыбыздагы мобилдик жамааттык мультимедиа борборунун мүчөлөрү айыл өкмөткө барып, быйыл жасоочу иштери туурасында суроо салды. Айыл өкмөттөн билдиришинче, 2014-жылы Могол айыл аймагындагы айылдарда төмөнкүдөй жумуштар аткарылмакчы.

Айылдагы №17 мектептин 6-9-класстарынын арасында үч багытта бий сынагы болуп өттү. Индия бийин аткарган кыздардын тобу мыкты деп табылып райондук сынакка жолдомо алышты.

Ооган-Талаа айылынын Талжырга көчөсүндөгү чоң жар буга чейин көчүп бир топ айыл тургунун үй-тамсыз калтырган. Анын азыркы абалы туурасында айыл тургундары кооптонуп жаткандыгын билдиришти.

Кырк жылдан ашык мектепте мугалим болуп иштеп келе жаткан Болотбек Тиркешов агай ырларды жаратууга студенттик кезинен кирише баштаган. Ушул убакка чейин көп, ар түрдүү темадагы ыр саптарды жаратып келет. Өзү сүйүп дайыма кайталап жүргөн ыры Нооруз майрамы жөнүндөгү ыры.

Бактыбек Шермат уулу 1999-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында жарык дүйнөгө келген.
Бактыбек беш жашынан тарта чоподон жаныбарларды, адамдарды жасай баштаган.
Он үч жашында “Жаш талант” конкурсуна катышып райондук жана облустук мелдештерге катышып алдыңкы орунду багындырган.

Дүкөнчүлөрдүн айтымында быйыл жаңгак көп болгонуна байланыштуу, жаңгактан өткөн жылга салыштырмалуу көп пайда табылууда.

Бокол көчөсүндө суу чыкпагандыктан жашоочулар ар кайсы алыс жерлерден суу алып келүүдө. Айыл тургуну Турсунбаев Нурландын айтымында 2014-жылдын май айларында суу чыгышы күтүлүүдө.