Бокол көчөсүндө суу чыкпагандыктан жашоочулар ар кайсы алыс жерлерден суу алып келүүдө. Айыл тургуну Турсунбаев Нурландын айтымында 2014-жылдын май айларында суу чыгышы күтүлүүдө.
Бул көчөнүн жашоочусу Жалилбеков Аксал 6-7-жылдан бери суу жоктугун айтып өттү.
«Көчөбуздө 6-7-жылдан бери суу жок. Суу чыкпагандыктан коңшу көчөлөрдөн сууну ташып жатабыз»,-дейт Аксал.
Бул айылдын дагы бир тургуну Жумалиева Жумакан суу ташып келүү үчүн жаш баласын кошунасына калтырып турууга туура келгенин айтты.
«Чоң балдарым мектепке кеткенде, жаш баламды кошунамын үйүнө, жада калса өзүн үйгө жалгыз таштап кетүүгө мажбур болом. Өзүбүздүн көчөгө суу чыкса жакшы болмок»,-деп билдирди Жумалиева.
Айылдын тургуну Турсунбаев Нурлан 2014-жылы суу чыгышы мүмкүн экенин малымдады.
«2014-жылдын май айларында көчөбүзгө суу чыгышы мүмкүн. Ошондуктан 2014-жылды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз»,-дейт Нурлан.
Автор: Синарида Турсунбаева