Дүкөнчүлөрдүн айтымында быйыл жаңгак көп болгонуна байланыштуу, жаңгактан өткөн жылга салыштырмалуу көп пайда табылууда.
«Эгерде жаңгактан маңыз чыгарса мындан да көп пайда тапмакпыз»,-дейт дүкөнчү.
Айыл тургуну Бердибеков Кеңештин айтымында быйыл жаңгактан көп пайда табышкан.
«Быйыл дүкөн ачып, жаңгак сатып ала баштадым. Дүкөндөн түшкөн акчага караганда, жаңгактан маңыз чыгарып абдан көп акча таптым. Жаңгактын килограммын алтымыш сомдон алып, маңызын үч жүз сомдон саттым»,-деп айтып берди Бердибеков.
Абдирешова Бактыкан Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүндө врач болуп иштейт. Ал айым жаңгактын пайдалуу жактары жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.
«Жаңгактын маңызы,кабыгы жана ички чел кабыгы адам баласы үчүн абдан пайдалуу. Маңызынан май, кабыгын кургатып кышында отун кылса болот. Ал эми ички чел кабыгын кайнатып даары кылып ичишет»,-дейт врач айым.
Автор: Чолпон Биймурзаева