Бактыбек Шермат уулу 1999-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында жарык дүйнөгө келген.
Бактыбек беш жашынан тарта чоподон жаныбарларды, адамдарды жасай баштаган.
Он үч жашында “Жаш талант” конкурсуна катышып райондук жана облустук мелдештерге катышып алдыңкы орунду багындырган.
Борбордук деңгээлдеги мелдешке жолдомо алып өткөнү менен ал конкурс кандайдыр бир себептер менен болбой калган.
Азыркы учурда Бактыбектин жасаган эмгектери районго жана облуска алып барылып, көргөзмөдө коюлган.
Бактыбек бош убактысында жөн олтурбастан чоподон адамдарды, жаныбарларды жасаганды жакшы көрөт.
Биздин суранычыбызды жоопсуз калтырбай отура калып чоподон жолборс жасап берди. Ал үчүн Бактыбек он мүнөттөн ашпаган убакытты сарптады.
Жасаган эмгектеринен бир канчасы
Автор: Акмарал Биймурзаева