Кырк жылдан ашык мектепте мугалим болуп иштеп келе жаткан Болотбек Тиркешов агай ырларды жаратууга студенттик кезинен кирише баштаган. Ушул убакка чейин көп, ар түрдүү темадагы ыр саптарды жаратып келет. Өзү сүйүп дайыма кайталап жүргөн ыры Нооруз майрамы жөнүндөгү ыры.
«Эң алгачкы ыр саптарымды институтту бүткөндө курсташтарыма арнап «Курсташтарыма» деген ат менен жаратканмын. Мени өзү көбүнчө кызыктырган темалар Ата-Журт, эне жана өзүмдүн сүйүктүү мектебим жөнүндөгү ырлар»,-деп эскерди Тиркешов.
«Ырларды жаратууда кыйынчылыктарга дуушар болом. Ыр жазуу оңой сезилгени менен бул ырдын ритми, рифмасы, мазмуну айтайын деген ой менен айкаш келиши керек. Жакпаган жерлерин оңдоп, өзүң жактырганда гана ыр акырына жетет».
«Мен акындардын ырларын сүйүп, кызыгып окучумун. Мен да ушундай ыр саптарды жаратсам деп кыялданчумун. Ошентип аста-аста ыр жазууга кирише баштадым»,-деп айтты Тиркешов.
Тиркешов жараткан ырларынын баары өзүнө жагаарын айтты. Жактырып кайталап жүргөн ыларынын арасында Ноорузга арналган ырын биз менен бөлүшө кетти.
«Нооруз»
Теңелип күн менен түн,
Бак дарак байлап бүчүр.
Кубулжуп не бир сонун,
Жаңырды татына үн.
Ыр болуп ага берсин,
Калкыма деген сүйүүм.
«Бул ырымды жаркырап жаз келгенде, кубанычым койнума батпай турган кезде жаратканмын»,-деп сөзүн аяктады Тиркешов.
Автору: Эркинбекова Айсулуу