Ооган-Талаа айылынын Талжырга көчөсүндөгү чоң жар буга чейин көчүп бир топ айыл тургунун үй-тамсыз калтырган. Анын азыркы абалы туурасында айыл тургундары кооптонуп жаткандыгын билдиришти.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Турсунбай Ормонов ал жардын пайда болушуна элдин өзү күнөөлү деп эсептейт.
«Бул жар мындан көп жылдар мурда көчүп көптөгөн адамдардын үйлөрүн басып адамдарга зыяндарды алып келген. Ал жардын көчүүсүнө эл өзүбүз күнөлүүбүз. Эгерде дарактарды кыйбаганыбызда, ал жар көчпөйт болчу. Эми ал жарды көчпөйт деп эч ким айта албайт»,-дейт Турсунбай Ормонов.
Айылдын дагы бир пенсионер тургуну Атаматов Өскөнбай жамгырдан эле эмес, кардын оор түшүшүнөн да жар көчүп түшкөн жагдайларга токтолду.
«Бул жар биринчи 1969-жылы каттуу жамгыр жааганда көчкөн. Ошондо көчкү төрт үйдү басып калган жана аларга өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлгөн. 2001-жылы көп кар жааганда жар кайрадан көчүп түшкөн. Азыр жамгыр каттуу жааганда жардан сел түшүп, үйдүн алды суу болуп калат. МЧС кызматкерлерине ырахмат! Алар бизге качан каттуу жамгыр жааганын айтып турушат»,-дейт Өскөнбай Атаматов.
Ооган-Талаа айыл башчысы Мыктар Дөлдөев жардын көчүүсүн алдын алуу максатында жазда көчөт отургузуу мерчемдегендигин айтып өттү.
«Көчкү төрт үйдү басып калган. Үйү көчкү астында калган адамдарга акча жана жер жагынан өкмөт жардам берген. Алар башка коопсуз жерге көчүрүлгөн. МЧС-кызматкерлери келип жардын узундугун өлчөп, башка кооптуу жерде жашаган элдерге жардам берип атат. Жардын узундугу 1510 метр экен. Жаз айларында жардын баардык жагына көчөт отургузабыз. Ошондо көчпөсө керек»,-дейт Мыктар Дөлдөев.
Автор: Чолпон Биймурзаева, Синарида Турсунбаева