Кеминде он айылды тейлеген Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн кызматкерлери төрөтү келгендерди аймактык ооруканага жеткирүү үчүн таксисттерге кайрылышат. Айрым тургундардын унаага төлөөгө каражаты жетишпегендиктен төрөттү өз убагында аймактын ооруканага жеткире алышпайт. Аймактык оорукана менен айыл аралыгы 50 километр.
Бактыкан Абдирешева Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнүн дарыгери. Түн ичинде төрөтү келген аялдарды аймактык ооруканага жиберүүдөгү ыңгайсыздыгы тууралуу төмөнкүчө айтты.
“Бизде көбүнчө түн жарымда аялдарды райондук ооруканага алып барууга туура келген кезде унаа таппай бир-эки саат убакыт кетет»,-дейт Абдирешева.
Айылдык төрөт үйүнүн мээрман айымы Зарифа Эркинова айтуусу боюнча көбүнчө айына жетпей төрөгөндөр унаа жоктугунан айылда эле төрөп, анын наристеси наабыт болуп калган учурлар да кездешет.
“Тез жардам унаасы болсо түндөсү унаа издеп жүрбөй оңой болот эле. Кан басымы көтөрүлгөн, каны аз боюнда барларды которот элек. Тез жардам унаасы жоктугунан таксисттерге кайрылышыбызга туура келет”,-деп билдирди Зарифа Эркинова.
Могол айылынын катчысы Бактыгүл Алибаева билдиргендей, айылдык төрөт үйүндө унаа жок болгону менен тез жардам бөлүмүндө унаасы бар.
Ал унаа солярканы көп короткону үчүн ага каражат да көп кетет. Аны айылдын бардык эле тургуну көтөрө албайт, деп кошумчалады Алибаева.
Айылдын тургундары төрөт үйүнө унаа керек деп бийликке бир канча жолу кайрылып, алардын жардамын күтүп отурушканын айтат.
Автор: Акмарал Биймурзаева