Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылындагы төрөт үйүнө үч ай мурда УЗИ алынып келинген. Учурда аны иштеткени адис жетишпегендиктен, айылдын гинекологу Бактыкан Абдирешова Ошко төрт айлык окууга барууда.
Бактыкан Абдирешова төрөт үйүндө иштегенине 27 жылдын жүзү болду.
Төрөт үйүнө УЗИ быйыл февраль айында келген.
УЗИ бардык талаптарга жооп бере албайт.
Эгерде УЗИ жакшы иштеп калса элдерге да жакшы пайдасы тиймек дейт Бактыкан Абдирешова.
Абдирешова УЗИни кантип иштетүүнү Ошко окууга барып, төрт ай аралыгында үйрөнөт.
Бактыкан Абдирешованын айтымына караганда УЗИ 2016-жылы ишке кирет.
Абдирешова айылдагы УЗИнин иштетилиши үчүн оз каражатына Ошко барып окуп келүүдө.
Автор: Майрамбек Байыш уулу, Айдана Талантбек кызы, Айназик Субанова, Гулира Рустамбек кызы, Майрамбек Акжигит уулу