Спорт залдын жоктугун айыл жаштары жана мектеп окуучулары дайым айтып келишет. Айыл калкынын саны аз болгондуктан бул маселе оң жагына чечилбей келүүдө, дейт Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов.
Балдардын оюну көпкө созулбайт. Алар суук түшөрү менен үйдө отурушат. Спорт залдын жоктугунан айыл жаштары да, окуучулар да кыйналууда.
Бул жөнүндө Токтояндын тургуну Элдияр Ажыбеков, эгерде тренерлер болсо коп ийгиликтерге жетишет элек, дейт.
“Спорт зал мектепке абдан керек. Жаз келип коптогон турнирлер соревнованиалар боло баштады.Спорт зал жок кыйынчылыктар болуп атат.Тренер жалдап келүүго мүмкүнчүлүгубүз бар. Окууну буткон байкелерибиз дагы жардам беребиз деп жатышат. Ошо менен бирдикте жакшы тренер келсе биздин республикага чейин жеткенге мумкунчулугубуз бар.”
Мына айылдагы балдар ушундан улам умутторун узө баштайт. Айыл башчы көптон бери чечилбей келе жаткан олуттуу маселелердин бири экенин билдирди.
“Бул боюнча коп жака кайрылганбыз. бир жаман жагы жаштар көчөдө эле жүрүшөт. спорт зал ачылса жакшы жагына оомок деп ойлойм. Мектеп окуучуларынын саны аз болгондуктан ушул маселени чече албай келе атышат. Бул жөнүндо дагы эми кайдыгер карабайбыз, келечекте бул дагы ишке ашат деп ойлойм. ”
Каражаттын жоктугунан,окуучунун аздыгынан бул маселе да ишке ашпай калаары көрүнөт. Бул жөнүндө мектеп директору Калык Албанов азыр курулбаарын билдирди.
“Учурда спорт залдын курулушу айылда мүмкүн эместей сезилип жатат. Анткени бизге коңшу Чоң-Тогузбай айылыныда спорт зал курулуп жатат”
Эгерде спорт зал болгондо айылдагы жаштар жаман жолго барбай, спорт менен машыгат беле деген оюн билдирди айылдагы жаштар комитети.
Азыркыга чейин жаштардын үмүтү абдан чоң, дагы да болсо спорт зал салынат деген үмүттөрү бар.
[soundcloud id=’150724243′]
Автор: Рита Кеңешова, Султан Шайыков, Калыгул Максат уулу