Уч-коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылынын тургуну Эркин Исманов төрт жылдан бери кулпунай өстүрүп бизнесин өнүктүрүп келе жатат.
Анын айтымында кулпунай өстүрүү үчүн атайын жер аянты даярдалып, ал жерге кулпунай көчөттөрү тигилет.
“Быйылкы таала жумуштары ийгиликтүү башталды жана техника жагынан кыйынчылыктар болгон жок. Ошондой эле өткөн жылга салыштырмалуу биздин кулпунай жайыты төрт гектарга кеңейтилди. […] Талаа жумуштары негизиен сууга байланыштуу болот, ошондуктан биз суулуу жерлерди талаа жумуштары башталардан мурда даярдап коёбуз”,- деп баяндады дыйкан Эркин Исманов.
Бул бизнес менен алектенгенине төрт жылдын жүзү болуптур. Ар бир жумушту баштаганда кыйынчылыктар болот, ошондуктан бул иштин сырларын үйрөнгөнгө чейин кыйналдык, дейт Эркин.
“Алсак, жайыттарды туура тандоо, кулпунай көчөттөрүн атайын даярдап отургузуу маселерин айтсак болот. Бирок адам мээнети менен таанылат дегендей, биз дагы бардык кыйынчылыктарды жеңип ушундай даражага жетип келдик”,-деп бөлүштү Исманов.
“Жылдан жылга кулпунайга болгон талап өсүүдө. Биздин максат базарларда өз өндүрүшүбүздү көбөйтүү жана шаардагы концерва заводу менен келишим түзүп иштөө”
Бул бизнес аркылуу айылыбыздагы көбүнчө аялдар жумуш менен камсыз болду. Отуздан ашык аялдар ушул кулпунай талааларында төрт жылдан бери эмгектенишет.
Калтак айылынын тургуну, ушул кулпунай талаасында төрт жылдан бери эмгектенгенин айтты.
“Биз эрте жаздан баштап кеч кузгө чейин ушул талаада болобуз. Апрель айында кулпунайды отойбуз, көчөттөрүн отургузабыз. Кулпунайды бат баттан отоо зарыл, мөмө байлап быша баштаганда ар үч күндө терилип, андан кийин суу коюлат. Бул иш-чара кеч күзгө чейин үзгүлтүксүз улантылат. Кышка жакын кулпунай талаасына табигий жер семирткичтер себилет”,-деп баяндады эмгекчилердин бири.
Жумушубуз анча деле оор эмес, бул жерде бардык шарттар бар, Эркин байке биздин тамак ашыбызды ар дайым өз убагында камсыз кылып турат. Маянабыз күнүмдүк — 500 сомго чейин табабыз.
Автор: Шахрибонум Игамбердиева