Токтоян айылындагы токой эч алуучу эмес, таштанды жайына айланды. Ал эми айыл ичи акыр-чикирге толуп калды. Мындан улам жашоочулар жапа чегүүдө. Айыл башчынын билдиришинче, учурда айылда таштанды төгүүчү атайын жайлар казылган жана тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Айыл тургуну Фарида Бакалова кээде суу менен агып келген таштандылар бакчасын жана сугат жерин жараксыз абалга алып келгендигин айтты.
“Элдин акыр чикирлеринин баары эле жаан жааганда биздин поляга агып келет — эмне болсо ошонун баары. А биз жөндөн жөн эле 20 сотук жерге налог төгүп жатабыз”,-дейт Бакалова.
Ал эми айыл башчы Атабек Албанов таштанды төгүүчү жерлер казылганын айтты.
“Токтоян элинен арыз түшүп жатат, ошондуктан бул ишке жаңыдан көңүл бура баштадык.Тазалык боюнча биздин айылда эки жер берилген — бирөө күн чыгыштан, экинчиси түштүк жагынан. Аякта чуңкурлар казылган, адамдар ошол жерге мусор ташташ керек болчу. Бирок белгиленген жайга айрым адамдар эле таштандыларын төгүшөт. Үйүнүн сыртына жана жолдун жээгине таштанды төгүп койгондор дагы көп. Аларга дагы айтып түшүндурүү иштери жүрүп жатат.Ушунун үстүнөн иштеп жатабыз”,-деп түшүндүрдү айыл башчы Албанов.
Айыл тургундары мындай көрүнүшкө нааразы экенин билдиришти.
“Таштандылар арыктын ичи менен бизге агып келет. Аларды огороддун аягына өрттөп жатабыз”,-деди айылдын жашоочусу.
“Кээ бирөө таштандыны эшигинин сыртына төгүп салат.Төгө турчу жерлери жок, а унаалары барлар токойдун жээктерине, чуңкурларга төгүшөт”,-деп баяндады Токтояндын дагы бир тургуну.
“Вагондун тегерегиндеги таштандылар арык менен агып келет, дүкөн иштеткендер да таштандыларын арыка төгүп салышат”,-дейт Токтоян айылынын жашоочуларынын бири.
Айылдык ден соолук комитетинин башчысы Гүлмира Жумакадырова мындай деди.
“Таштандыдан микроб жугат, биринчиден өпкө оорусун алып келет. Жана дагы вирустар бар, алар сөзсүз адамдын өпкөсү ооруса өпкөсүнө, бооруна, дем алуу органдарына алергия пайда кылат”,-деп таштандыдан пайда боло турчу ооруларга токтолду.
[soundcloud id=’150723306′]
Таштандыны туш келди таштоо биринчи кезекте айыл тургундарынын өзүнө зыян алып келет. Муну баарын түшүнүп жакынкы арада мындай маселе чыкпашына үмүт чоң.
Автор: Гүлжан Нуркасым кызы, Эрлан Кыдыров, Адина Шарапова, Айганыш Адылбек кызы