Учурда Куланак айылында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Көбүнесе арпа жана буудай эгилүүдө. Быйыл жаз эрте келди. Бул дыйкандардын ишин илгерилетти.
Учурда Куланак айылында жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Көбүнесе арпа жана буудай эгилүүдө.
Быйыл жаз эрте келди. Бул дыйкандардын ишин илгерилетти.
“Жердин кургактыгына байланыштуу биринчи сугат ишин баштадык. Көп жылдык чөптөр сугарылып бүттү. Буйурса эгин эгилип жатат. Техника да жакшы. Техникадан кыйналган жокпуз. Техника боюнча жакында областтык семинар болгон. Баардыгы жакшы даярдыкта болуп, иштеп жатышат”,-деди жер иштетүүчү Рыскелди Жусубалиев.
Быйылкы жазды дыйкандар жакшы даярдык менен тосуп алышты. Көпчүлүгүнүн үрөнү белен, техникасы да жайында. Тракторист Жолдошбек Сарүкүев учурда 40 техника иштеп жатканын айтты.
“Быйыл техника жашы, тракторлор иштеп атат. Кыштан жакшы оңдолуп чыкты. Иштин басаңдап атканынын себеби жер кургак болуп жатат. Ошондуктан жерди сугарып, табына келгиче күтүп, анан иштетип жатабыз. Сугарбасак түшүм жакшы болбой калат”,-деп баяндап берди Сарүкүев.
Сурамжыланган дыйкандар күйүүчү майдын да жетиштүү экенин айтышты. Май саткан Болотбек Орозакуновдун соодасы жакшы жүрүп жатат. Солярканын баасы 42 сом болууда. Бирок май сатуучунун билдиришинче, жазгы талаа иштери кеч башталды.
“Жаздын кеч келгендигине байланыштуу талаа иштери кеч башталды. Анткени мурун апрелде талаа иштерин бүтүрүп калчубуз. Азыр май болуп калды, эми иштетип жатабыз. Кудай буйурса майдын аягына жетпей талаа иштерин бүтүрүп калабыз”,-деп айтып берди Орозакунов.
Жаздын кургакчыл болгонуна байланыштуу, жерди биринчи сугарып анан эгүүгө туура келип жатат. Бактыга жараша суу жетиштүү.
Куланак айылында жалпы 820 гектар жердин жарымы айдалып бүттү. Дыйкандар айдын аягына чейин эгүү иштерин бүтүрүүнү пландап жатышат. Алардын быйылкы түшүмдүн мол болоруна үмүттөрү чоң.
[soundcloud id=’150724932′]
Автор: Зулайка Мирлан кызы, Жылдыз Асанова, Рыскүл Акматбек кызы, Айзат Асанова