Айыл тургундарынын айтуусу боюнча былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл кыш оор болду. Февраль айында аба ырайы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу отун жетишпестиги келип чыкты.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Ырыслы эже кыш мезгилиндеги оорчулуктар жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.
«Биз үй-бүлөдө жети адам жашайбыз. Мен пенсионермин, ал эми күйөөм жана балдарым иштебейт. Пенсия үй-бүлөмдү бакканы араң гана жетет. Кээде ашкан акчага беш-алты кап көмүр алып коём. Ошол көмүрдү кийинки айга жеткизүүгө аракет кылабыз. Быйыл кышка отун көп камдай албадык. Жаз мезгили өз убагында келсе экен деп күтүп атабыз»,- дейт Ооган-Талаанын тургуну Ырыслы эже.
Айылдын дагы бир тургуну Турдукулова Жайлоокан кыштын кескин өзгөрүүсү жашоочуларга бир топ ыңгайсыздык жаратты дейт.
«Эмнегедир кышта аба ырайы кескин өзгөрүп турду. Бул жылы эки машина отун алууга жетиштик. Ошого карабастан андан сырткары 180 сомдон 30 кап көмр алдык. Чындыгында быйыл кыш оор болду. Айлыбыздын айрым тургундары кыштын суугуна карабастан азыр да отун ташып жатышат»,-дейт Жайлоокан Турдукулова.
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин окуучулары кыштын суугу жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып беришти.
«Мектепке бара жатканыбызда аба ырайы өтө төмөн болот. Ал тургай биздин класстын жылыткычы да иштебейт. Классыбызда курткачан олтурабыз жада калса сууктан баш кийимибизди да чечпейбиз»,-деп айтып беришти 11-класстын окуучулары.
Автор: Акмарал Биймурзаева