Айылыбыздагы мобилдик жамааттык мультимедиа борборунун мүчөлөрү айыл өкмөткө барып, быйыл жасоочу иштери туурасында суроо салды. Айыл өкмөттөн билдиришинче, 2014-жылы Могол айыл аймагындагы айылдарда төмөнкүдөй жумуштар аткарылмакчы.
Январда: №15 Жумалы орто мектебине, №6 Тоо-гүлү балдар бакчасына эмеректерди алуу.
Февралда: Могол айыл округунун аймагындагы орто мектептин окуучуларына ысык тамак берүүнү камсыз кылуу үчүн электр жабдууларын алуу.
Матта: Чарбак айылындагы №16 Рахманов орто мектебине жаңы имарат курууга жардам берүү. №6 Тоо-гүлү балдар бакчасына ойноо аянтчасын куруу.
Апрелде: Могол айыл аймагындагы жол бойундагы бак-дарактарды актоо, айылдагы ички арыктарды чабуу.
Майда: Ооган-Талаа, Чарбак, Көк-Тоңду айылдарына келүүчү сугат суу арыгын чабуу жана арыктардын сел баскан жерин оңдоо. Ар жумада айылдарда ишембилик өткөрүп туруу.
Июнда: Кызыл-Суу айылына келүүчү сугат суунун арыгына труба коюу. Чкалов, Кара-Ой айылдарына баруучу жолду оңдоо.
Июлда: Могол айыл округундагы мектептерди ремонттоо. Кызыл-суу айылына унаа өтүүчү көпүрө куруу. Катыраңкы айылындагы сел жеп кеткен жолдун жанындагы аңды толтуруу. Чарбактан сарай участкасына өтүүчү көпүрөгө дамба куруу.
Август жана сентябрда: Көк-Тоңду айылынын Т.Артыкбаев көчөсүнө (2458м.) шагыл төгүү. Могол айыл аймагына караштуу мектептерди, бала бакчаларды кышкы 2014-2015-жылга отун жана көмүр менен камсыз кылуу.
Автору: Эркинбекова Айсулуу, Биймурзаева Чолпон