Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Нурдинов эгерде дарыянын жээги бекемделбесе, суу ашып кетип ошол жердеги суу кампасына кооптуулук жарата тургандыгын жана бул иштерди жалпы айыл тургундары аткарып жаткандыгын маалымдайт.
«Ооган-Талаа айылындагы суу кампасы айылдын 670 түтүнүн суу менен камсыз кылат же башкача айтканда 3500–4000 калк суу ичет. Ошону бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат»,-деп билдирди айыл башчы.
Бул ишти жалпы эле айыл өкмөт менен бирге айыл тургундары аткарып жатышат.
Жусупали Кыргызбаевич Жалал-Абад губернатору болуп турган маалда 60 миң акча бөлүп, ошол каражат менен жасалууда.
«Каптар алынып келинсе ичине кум салынып тизилет. Ошондой эле кошумча шагылдар да төгүлөт»,-дейт айыл башчы.
«Ал эми иштеп жаткан унаалар элдердин унаалары. Аларга бензин куюлуп берилип, эмгек акысына канча бензин куюлса ошончо акча төлөнүп берилүүдө. Келишим боюнча саатына 1000 сомдон иштешет» Эркинбек Нурдинов
Автору: Эркинбекова Айсулуу