Токтоянда айылдык чогулуш болду. 8-апрелдеги курултайдын башкы маселесине жазгы иш чаралар жана мал чарбасы тармагында иштер киргизилди. Мында айыл тургундарынын жайыттар боюнча ой пикирлери жана сунуштары угулду.
Айылдын жашоочулары жазында малдарын жайлоого берүүгө даярданып жатышкандыгын жана малдарга төлөнчү акынын баасын бир баага гана коюну суранышты.
Айыл башчы Айбек Алмабеков бодо малдардын жана кой эчкилердин баасын мурдакы жылдан бир аз жогорулагандыгын билдирди.
«Бодо малдын баасы жайыт акы ичинде 200 сом болсун. Малчылар менен өзүңөр да келишим түзөсүңөр»,-деди айыл башчы Алмабеков.
Айыл тургундары малчылардын да көйгөйүн караш керектигин айтышып, жыйынтыгында бодо малдарга 200 сом, ал эми кой эчкилерге 40 сомдон болушуна токтолушту.
Айыл башчы Алмабеков бул келишимге макул болуп, андан сырткары жер айдоо боюнча сөз кылып кетти.
Автор: Жеңиш Таштанбеков