Нооруз майрамы мугалимдердин «Сармерден» оюн-зоок кечеси менен коштолду. Нооруз майрамын Умай энесиз элестете албайбыз. Андыктан Нооруз майрамында жакшылыкты тилек кылып Умай эне аластап өттү.
Нооруз майрамын Умай энесиз элестете албайбыз. Андыктан Нооруз майрамында жакшылыкты тилек кылып Умай эне аластап өттү.
Андан сырткары мугалимдер жана ата-энелер майрамга карата волейбол боюнча мелдеш уюштурушту.
Бул майрамды кубаттап 11-класстар отчеттук концертин тартуулашты.
Кыргыздын улуттук оюну болгон жоолук таштамай оюнун ойношту.
Ошондой эле сүмөлөк тамагынын тарыхын көрсөтүп беришти.
Бул майрамды да бала бакчадагы бөбөктөрүбүз абдан жакшы маанайда белгилешти. Өздөрү наристе болсо да чач алуу каадасын чагылдырды.
Жаштар уюму тарабынан уюштурулган кыргыздын улуттук оюндары өзгөчө шаң тартуулоо менен аяктады.
Автор: Жазгүл Кадыралиева, Зулайка Мирлан кызы