Жыйырма алты жылдан бери акушер-гинеколог болуп иштеп жаткан Абдирешева Бактыкан төрт айыл өкмөттүн келин-кыздардына кызмат көрсөтөт. Ошону менен бирге Үй-бүлөлүк дарыгер тобунда да эмгектенип келет.
«Мен 1988-жылы Ооган-Талаа айылына акушер-гинеколог болуп ишке киргем. 26 жылдан бери ушул жерде иштеп келе жатам. Түндү-түн дебей, чарчоону билбей иштедим. Айылыбызда башка акушер-гинеколог жоктугуна байланыштуу, түңкү чакырууларга барып, кан басымы көтөрүлгөн же түшкөн, төрөй албай кыйналган жана кан кеткен кош бойлуу аялдарга ар дайым жардам берүүгө аракет кылам. Кылган кызматым үчүн мамлекет тарабынан 2012-жылы Саламаттыкты сактоонун «Ардактуу кызматкери» деген наамга ээ болдум. Бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм. Анткени аздыр-көптүр болсо да, элибизге жардам берип жатам»,-деп эмгек таржымалы менен бөлүштү Абдирешева Бактыкан.
«Менин беш кызым эки уулум бар. 2009-жылы мага «Баатыр эне » наамын беришти. Себеби азыркы заманда жети баланы эмес бир баланы да багуу оңой эмес. Азыркы жаштар эки, же үчтөн балалуу болушат. Жаштарга айтаарым көп балалуу болуп, кыргыз элин көбөйткүлө!» Абдирешева Бактыкан
Автор: Чолпон Биймурзаева