Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында жылына кырктын тегерегинде окуучу мектепти аяктайт. Мектеп директорунун айтымында ондой бүтүрүүчү чет өлкөгө иштегени кетет.
Ооган-Талаа айылында жайгашкан Сатыбалды Далбаев атындагы мектепти аяктап, окуусун уланта албай чет жерге иштеп кеткен бүтүрүүчүлөр менен баарлашууга аракеттендик. Алардын көпчүлүгү Орусияга эмгек мигранты болуп кеткен.
Төмөндө алар менен болгон маегибизди сунуштайбыз.
Эламан Божуев. 2011-жылкы бүтүрүүчү: Мен окуу жайга тапшыра албай калып, Орусияга кеткенмин. Бул жакта иштегениме бир жыл болду. Ар 15 күндө ата-энеме акча салып турам. Үй-бүлөмдү, туугандарымды сагынам, айла жок иштеш керек.
Аскагүл Манапова. 2013-жылкы бүтүрүүчү: Биз үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Үй-бүлөдөн атам, апам, агам жана мен акча табып, иштеш үчүн Орусияга барганбыз. Арадан көп өтпөй апам экөөбүз Кыргызстанга келе бердик. Азыр атам жана агам Орусияда, алты жылдан бери ал жакта иштейт. Кудай буюрса жакында келип кетет. Аларды аябай сагынам, уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Мен шартка байланыштуу жогорку окуу жайына тапшыра албай калдым. Эми ушул жылы тапшырайын деген оюм бар.
Эрмек Аманкулов. 2013-жылкы бүтүрүүчү: Мен 2013-жылы августта Орусияга кеткем. Өзүмдүн күчүм менен окуп, өзүм бир нерсеге жетишкенди каалайм. Ошондуктан Орусияга кеттим. Быйыл 2014-жылы августта Кыргызыстанга барып, Оштун жогорку окуу жайларынын бирине тапшырайын деген оюм бар.
Автор: Айсулуу Эркинбекова