Уч-коргон айыл аймагынын айылдарында жумушсуздуктун айынан ата-энелер өз балдарын кароосуз таштап кетүүгө мажбур болууда. Андай үй-булөлөр жылдан жылга көбөйүп жатат.
Уч-коргон айыл өкмөтүнүн статисти Ориф Марасулов билдиргендей, акыркы үч жылда айылда балдары чоң эне жана чоң аталарына таштап Орусияга жумуштап кеткендердин саны өскөн.
“Кадамжай районуну караштуу Уч-коргон айыл аймагында Орусияга жумуш издеп кеткендердин саны көбөйүдө. Мисалы 2011-жылы мигрантардын саны 1590 адамды түзсө, ал эми 2013-жылга карата мигранттардын саны 2093 адамга жеткен”,- деп билдирди Марасулов.
Уч-коргон айылында ата-энеси балдарын чоң энелерине таштап кеткен айрым үй-бүлөлөр менен байланышып көрүүнү чечтик.
Мээрим Турдуматова 9-класстын окуучусу жана үйүндө үч бир туугандын эң улуусу. Ата-энеси Орусияга жумуштап кеткенде алар өздөрү жашоого туура келген. Арадан көп өтпөй атасы кайра кайтып келген. Ал эми апасы болсо азырга чейин Орусияда эмгектенип келет.
Мээрим ата-энеси чет өлкөгө кеткенде кандай жашоо өткөргөнүн төмөнкүчө баяндап берди.
— Мен Мээрим Турдуматова 9-класста окуймун, үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Бир сиңдим жана бир иним бар. Ата-энем Орусияга жумуш издеп кетишкенде биз өзүбүз калдык.
— Биз менен чогуу бир тууган студент кыз жашайт эле. Биздин паспорторубуз жок болгондуктан ата-энем туугандарыбызга акча жөнөтчү, алар тамак аш продуктуларын алып келип, анан башка керектелүүчү нерселерге да акча таштап кетчү.
— Үй-бүлөдө ата-эне болбогондон кийин көптөгөн кыйынчылтарда болот экен. Кыш мезгилинде менин ден-соолугум начарлап бир канча жолу оорукада даарыландым. Ата-энемдим тапкан акчалары менин даарылануума кеттип калды.
— Жакында февраль айында атам Орусиядан келди. Апам май айынын аягында менин окуумдун бүтүшүнө карата келет. Апамды сагындым, бирок келип кайра эле кетип калат. Биз канчалык кетпеңизчи, деп айтсак да “силерди окутуш керек, ал үчүн азыр мен Орусияга иштегени кетүүм шарт, болбосо кийин арман кылып каласынар” деп кайра айтат. Апамды аябай сагындым, мен күн эсептеп күтүп отурам.
Автор: Шахрибонум Игамбердиева